www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Туугандарым майыптар үйүнө кетип калганыма нааразы. Алардын ою боюнча мен теле-радио, гезит беттерине чыгып, алардын бетин жер каратып жатыптырмын», -деген 1-топтогу майып Элмурат турмуштун чоң сыноосуна кабылган. Ал башынан өткөргөн тагдырын бизге кенен баяндап берди.
“Өз үйүмө батпай,чыгып кетүүгө аргасыз болдум”
– Мен 1989-жылы Баткен облусунда туулуп-өстүм. Төрөлгөндөн тартып баспай, балалык чагым коляскага байланып, өмүрүмдүн жарымы ооруканада өттү. Өзүмдүн апам каза болгондон кийин атам башка аялга баш кошту. Ары-бери түртүлүп жүрүп, атам жана анын жаңы аялы менен он жылдай бирге жашадым. Бир үзүм нанды мага ыраа көрүшпөй үйдө күнүгө жаңжал боло бергенде, үйдөн чыгып кетүүнү ойлонуп жүрдүм. Бирок кайда барарымды, кимден жардам сурарымды билчү эмес элем. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде мага бир таанышым Жалал-Абаддагы майыптар үйүн сунуштап калды. Ошентип атамдын каршылыгына карабай үйүмдөн өз эрким менен кетип, майыптар үйүндө жашоону туура көрдүм. Ал жакта уруш-талаш жок, эркин жашоону элестетчүмүн. Туура, эч ким урушпаганы менен ал жакта деле майып адамдардын өнүгүүсүнө эч кандай шарт түзүлбөптүр. “Алма быш, оозума түш” деп, мамлекеттин көзүн карап эле отура берет экенсиң. А мага бирөөнүн көзүн карап жашаган жакпайт.
“Келинчегим төрөй албайт экен”
– Майыптар үйүндө жашап жүргөндө тааныштарыбыз аркылуу келинчегим менен таанышып, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүм. Ал1982-жылы туулган, мага окшогон майып адам. Төрөт учурунда догдурлар бутунан катуураак тартып коюп, оң буту кыйшык төрөлгөн экен. Анысы аз келгенсип үстүнө оор жүк кулап, бир омурткасы ичине кирип кетип, бир тарабы да кыйшык болуп калган. Биз таанышкан маалда келинчегим дагы майыптар үйүнө келүүгө аракет кылып жүргөн экен. Бирок ага келбей коюусун суранып, андан көрө мага турмушка чыгуу сунушун киргиздим. Ал менин сунушума макул болду, бирок мындай шартта биз майыптар үйүнөн кетүүгө аргасыз элек. Ал жакта деле баш кошуп, үй-бүлө болуп жашай берсек болмок, тилекке каршы, анда балалуу болууга мүмкүнчүлүк беришпейт. Келиндердин каалабаганына карабай эле спираль салып коюшат. А биз балалуу болгубуз келгендиктен майыптар үйүнөн кетип, досумдун үйүндө жашап калдык. Тилекке каршы, мындай аракетибизге карабай бизге балалуу болуу бактысы буйрубаптыр. Келинчегимдин төрт айлык боюнда бар кезинде майыптыгына байланыштуу боюнан түшүп калды. Ушундан кийин догдурлар кош бойлуулук келинчегимдин ден соолугу үчүн кооптуу экенин, керек болсо өлүмгө да алып барарын айтышты.
“Ноябрда жаңы үйүбүзгө киребиз”
– Ушул күнгө чейин үй салуу - эң биринчи максатым эле. Ушул максатымды ишке ашыруу үчүн ортого киши салып отуруп мамлекеттен жер тилкесин бөлдүрүп алдым. Ал жер тилкеге атын атагысы келбеген бир кайрымдуу адам бардык чыгымдарды өз моюнуна алып, учурда үй салып берип жатат. Азыр дубалы көтөрүлүп бүттү. Кудай буюрса, ноябрь айларында өзүбүздүн үйүбүзгө кирип жашарыбызды убада кылды. Үй заманбап стилде бардык шарттары менен болуп, эмеректерин айылдаш туугандарыбыз сатып бермей болушту.
“Бала багып алуу кыялыбыз бар”
– Келинчегим экөөбүз тең Кудайдын бизге берген мындай сыноосуна капа эмеспиз. Азыркы жашообузга ыраазы болуп, бирок ага жаңы боёкторду кошупжакшыртып алуу өзүбүздүн колубузда экенин билебиз. Ошондуктан үйүбүз бүткөндөн кийин биз да башкаларга окшоп “ата” жана “эне” статусуна ээ болуп бир уул, бир кыз багып алуу ниетибиз бар. Ошондо гана биз чыныгы, толук кандуу үй-бүлө боло алабыз.
“Менин деле иштегим келет”
– 2011-жылдары бирдик салуучу дүкөндө бир жылдай иштегем. Андан кийин иштегим келсе да, менин азыркы акыбалым менен эч ким жумушка албайт. Ошентсе да интернет булактарынан компьютерди колдонуу эрежелерин, программаларды өз алдымча үйрөнө алдым. Мен кызыккан нерселер абдан көп. Менин тогузунчу класска чейинки гана билимим бар, жогорку билим алууга азыр да дилгирленем. Ал эми келинчегим болсо,кол өнөрчүлүккө шыктуу. Бош убактысы болсо эле кийизге оймо-чиймелерди чийип, аны түркүн түстүү бисерлер менен кооздогонду жакшы көрөт. Андан сырткары тигүүчүлүк курсун ийгиликтүү аяктап, экөөбүзгө ылайыкташтырып кийимдерди, үйгө керектелүүчү буюм-тайымдарды да өз колу менен тигет. Ашканада да мыкты кожойке. Бирок кичинекей кезинен коомго аралашпай, мектепте да билим албагандыктан, дүйнө таанымы тар жана өз оюн айтуудан уялат.
“Бизди операция кылалы дешти, бирок баш тарттым”
– Үй салып берип жаткан адам келинчегим экөөбүзгө операция жасатканга каражатты көтөрүп берерин айтты. Бирок мен баш тарттым. Анткени экөөбүз тең жатып калсак, бизди ким карамак эле. «Оорулуу эмес, оорулууну баккан оорулуу» дегендей, мындайга чыдаган адам аз. Азыр мамлекет берген жети миң сомду сарптап отуруп тиричилигибизге жеткирип жатабыз. Андан тышкары айрым боорукер адамдар азык-түлүк жагынан каралашып турушат. А өзүмдүн атамдын алты баласы бар. Мен майыптар үйүндө жүргөндө, бир жылдай катып-кутуп акча берип жүрдү.Андан кийин эки-үч сапар кошуналардан эки миң сом берип жибериптир. Андан бери жардам бермек тургай, менден качып, көргүсү келбейт. Мейли, ансыз деле мен бирөөгө жүгүмдү арткым келбейт. Туугандарыма жардам сурап барган учурда дагы өзүн-өзү бага албай жатат деген атка коном. Ошондуктан аларга көз каранды болбой, өзүмдүн жашоомду алып кеткенге аракет кылам.
Токтобай кызы Айгерим
Булак: "lady.kg"