www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күмүштү кооздук үчүн тагынып жүрсөңүз эми айрым ооруларга дарыңыз дайыма жаныңызда экенин биле жүрүңүз

Күмүш нымдуу жерде, булгаарынын, боёнуучу каражаттардын, туз, пияз, желим буюм, газ, кээ бир идиш жуучу каражаттардын таасиринен улам карарып кетет. Андыктан, бул  нерселерден алыс коюңуз.

Эгерде карайып кетсе өңүнө келтирүү үчүн төмөнкү ыкманы колдонсоңуз болот

Жүндөн жасалган кездемени нашатырь спиртине малып, күмүш өзүнүн жалтырак түсүнө келгиче сүртүңүз.

Стакандагы сууга бир чай кашык нашатырь спиртин куясыз. Ага суутектин перекисинен жана балдардын суюк самынынан тамчылатып аралаштырасыз. Бул аралашмага карарып калган күмүштү салып коёсуз. Качан өзүнүн түсүнө келип калганда алып чыгып таза чүпүрөк менен сүртүп коюңуз.

Эгер күмүш буюмуңузда чапталган таш болбосо, фольга салынып, сода кошулган сууга күмүш жалтырак түсүнө келгенче кайнатса болот.

9 проценттүү уксусту жылытып, ага күмүштү саласыз. Бир нече убакыттан кийин алып чыгып кургак чүпүрөк менен сүртүп коюңуз.

Бирок таза күмүш эч убакта карарбайт. Карарып кетсе, аны тагынып жүргөн адамдын ички органдарынын кайсы бири же бир нечеси ооруйт деп түшүнүү керек. Бул жагынан алганда күмүш жасалгалары адам үчүн ооруну ачыктоочу же козгоочу кызматты аркалайт. 

Күмүштүн адамдын организмине тийгизген таасирлери

Аталган металл организмде мээнин, сөөк ткандарынын, кандын курамы үчүн маанилүү элемент. Адам бир суткалык рационунда 88 мг күмүш ионун кабыл алышы шарт. Тилекке каршы, азыркы күндө муну ишке ашып жатат деп айтуу кыйын. А негизи күмүш тамак-аштардан аз санда болсо да капуста, клюква, эт азыктарынын жана лосось, сардина балыктарынын курамында кездешет.

“Күмүш суу”   ашказан жарасы, гастрит жана бөйрөктүн сезгенүүсү, суук тийүү ооруларынан  жапа чеккндер үчүн табылгыс каражат.  Бирок, мындайда анын атайын лабораторияда даярдалган жана дарыканада сатылган 0,5%дуу аралашмасын сатып алуу керек. Аны күнүнө 3 жолу тамак алдында 20 млден ичесиз.

0,5%дуу “күмүш суунун” аралашмасы былчылдата сиңирилген кебез менен күйүп калган жерди компресс кылып турса, жаракат тез айыгат. Ушундай эле ыкма менен операциядан кийин сезгенип же ириңдеп кеткен жерлерди да калыбына келтирүүгө болот.

“Күмүш суу” менен   бетиңизди тез-тез жууп, мурунунуздун ичин кайра-кайра чайкап турсаныз сасык тумоонун алдын алган болосуз.

Эгер сиз күмүш  жасалгаларды тагынып жүргөн болсоңуз  тамак сиңирүүчү органдарыңызда көйгөй жаралбайт.

Ымыркайдын териси өзгөчө кам көрүүнү талап кылат.Андыктан, анын денесине чыгуучу майда бараттардан арылтуу үчүн баланы күмүш сууга жуунткан оң. Муну менен катар анын упчусун, оюнчуктарын жана идиштерин да күмүш сууга жууп коюу ашыктык кылбайт.

“Күмүш суу” кантип даярдалат?

Бөлмө температурасындагы таза сууга эски күмүш тыйынды же кашыкты бир күн салып койсо күмүш суу даяр болот. Муну кадимки суунун  ордуна пайдалансаңыз  көпөгөн жугуштуу оорулардын алдын алат жана ошону менен бирге  иммунитетти чыңайт. Организмдеги кан агууга жана  айымдар арасында  айыз маалында чыдаткыс ооруга   да ушул сууну колдонсо натыйжалуу.   Себеби,  ооруу менен бирге ошол учурдагы  калтыроону, алсыроону жана баш ооруну да жууп жиберет.


Эскертүү: Күмүштүн же күмүш суунун организмге жакпашын баш оорудан, баш айлануудан, кулак чуулдоодон жана көңүл чөгүүдөн байкаса болот. Мындайда андан баш тартуу зарыл. Бирок, жаккан жагдайда дагы жогорку терапияларды тынымсыз колдонуу керек эмес, денеде анын иондору көбөйүп кетсе ден соолукту жабыркатып коюусу ыктымал. 

Булак: "oshpirim.kg"

Последние новости