www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө кызгылт фламинголор кыштайт!

Буга Ысык-Көлдүн жээгиндеги канаттуунун сүрөттөрү далил.Сүрөтчү Иван Турковский бул сүрөттөрдү Facebook баракчасына жарыялап, Кыргызстандын жаратылышы ар түркүн болгондуктан бул таң калычтуу эмес экенин белгилеген.

“Бул экзотикалык кушту өлкөбүздө сезондук миграция, Ысык-Көлдө кыштоо учурунда кездештирүүгө болот”, - дейт Турковский.

Ал канаттууну көрүүнү каалагандар ага зыян келтирип коюшпасы үчүн алардын кайда экенин айтпай турганын белгилеген.

Маалымдама: кызгылт же карибдик фламинголор жашай турган жерин абдан дыкат тандашат. Алар абдан коркок канаттуулар болушат. Азияда уялап, кышкысын Иран жана Индияга учуп кетишет. Алардын көпчүлүгү өз үйлөрүн табигый кырсыктар болгон шартта гана таштап кетишет.

Бул канаттуулар көлдүн кайсы жеринде экендиги так айтылбайт, анткени аларга кол салуу болуусу толук мүмкүн дейт сүрөттүн автору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости