www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019 – жылдын жыйынтыгы боюнча КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жарандардан 1926 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бул тууралуу аталган министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жарандар көбүнчө мамалекеттик жөлөкпулдар боюнча кайрылышкан - 17,0% (327 арыз), жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация берүү боюнча - 13,5% (260 арыз), материалдык же гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча – 25,2% (485 арыз), майып тобун аныктоо жөнүндө – 4,7% (90 арыз), үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөр – 9,8% (189 арыз), укуктук маселе – 0,9% (18 арыз), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселеси боюнча -7,2% (138 арыз), эмгек маселеси- 5,4% (103 арыз), ишке орношуу - 3,9% (75 арыз), укуктук меселе - 0,9% (18), гендер маселеси боюнча – 0,3% (5 арыз), гуманитардык жардам боюнча – 0,8%(16 арыз), корруция маселеси – 0,9% (18 арыз)келип түшкөн.
Белгилей кетсек, каттардын жана арыздардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарынан – 40,7%, Чүй обл. - 21,7%, Ош - 10,3%, Жалал-Абад - 8,3%, Нарын - 6,2%, Ысык-Көл - 5,9%, Баткен - 4,4%, Талас - 3,5% келип түшкөн.
Ошондой эле, республика боюнча 152 жаран он-лайн режиминде кабыл алынган.
Эске салсак, коомдук кабылдама тарабынан 2453 жаран кабыл алынса, алардын ичинен 2011 жарандын маселеси оң жагына чечилген, ал эми калгандарына түшүндүрүү берилген.
Булак:NazarNews.kg