www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мени менен коалициялык нике түзөбүз деген жуучулардын саны арбыды. Эң алгач Бака дейби, Бах дейби мага асмандагы күндү алып берип койду. Эмне кылат элем, ынандым. Мен ага кызмат өтөөгө макулдугумду берип жибердим. Ал фракциясы менен мени колдомой болду. Президенттик аппараттан БарИт Пияз деген татар жигит жуучу жөнөтүптүр. «Татар келсе, катаал келет» -деп коёт. Жигиттин өзү менен таанышсам кыргызча сүйлөй албайт экен. Орусча сүйлөштүк. Өмүр баянында кара тактар бар экен. Аскар Акаевдин кадры, аны менен тандем болуп никеге туруптур.
Татар болгону менен абдан, шар жигит экен, «тартип болмоюн үй-бүлө кура албайбыз» дегенинен, «Мамлекетти ким башкарат?» - деп негизги жүйөөлүү суроону бердим. «Сиз» - деди шар эле. «Коалициялык көпчүлүк никесине канча жигит менен турсам болот?» - дедим. «Алты күйөөгө чейин уруксат берем» - деди. Мага жагып калды, бирок никеге тура турган Хана жакпай калды. Аны коалицияга жолотпойбуз деп столду бир муштады жүрөгүм түшүп кетти. «Эми мага күн көрсөтпөйт го» - деп татарин БарИт Пияз кеткенден кийин ыйлап алдым.
Күрт жээнинен күртүлдөмө
2 сериал, (Бабусянын күндөлүгүнөн);
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg