www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде: "финдерде мектептерде билим берүү түкүндөй экен...ошондой кыла салалы", "Европада жогорку билим берүү мындай экен, биздикин да ошондой өзгөртө салалы", "Америкада мамлекеттик башкаруу тигиндей экен, ошону эле ала калалы..." - дегендер өтө эле көп... Алардагы системаны бизге миң кайрып алып келсең да иштебейт, теңирден тескери натыйжа берет деп айта берип тилиң тешилет...

Чынында ошондой, иштебейт. Кеп системада эмес, кеп ошол системаны иштетип жаткан МАДАНИЯТТА... Бул жерде МАДАНИЯТ дегенди кеңири мааниде түшүнүү керек...Анткени ЖАШОО МАДАНИЯТЫ, ИШТӨӨ МАДАНИЯТЫ, ӨНДҮРҮШ МАДАНИЯТЫ, ЖЕР ИШТЕТҮҮ МАДАНИЯТЫ, БАШКАРУУ МАДАНИЯТЫ... жана дагы толгон токой МАДАНИЯТТАР бар... Коомдогу бардык нерсе ошол коомдо калыптанып калган МАДАНИЯТКА байланыштуу болору айтпаса да түшүнүктүү...

Ал жакта андай экен, бул жакта мындай экен деп миң кайталап айтсак дагы андай системаны жаратып иштете албайбыз, ал үчүн муундар алмашышы керек, улам кийинки муун оңолуп-түзөлүп отуруусу зарыл... Коомдогу бардык көрүнүштөр ошол коомдун МАДАНИЯТЫНЫН эле туундусу...

Тилекке каршы - бул айныгыс ЧЫНДЫК.

Маалымат саясатчы, Эмилбек Каптагаевдин Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости