www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев, жалпы жамаат ордунда болсо Жеңиш Молдокматов кантип басып алмак эле дейм. Мындай пикирди коомдук иштер Эмилбек Каптагаев билдирди. 

--"Ар бир накыл сөздүн айтылган мезгили, тарыхы бар. Мисалы, "Ат жакшысы кермеде, эр жакшысы түрмөдө" деген сөз бар. Кыязы 1930-жылдардагы тап күрөш курчуп турган мезгилде колунан иш келген, өз жанына тыңдарды кулакка тартып Сибирге, Украинага айдап, ал эми улуттун жүзү болгон Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу эр-азаматтарды түрмөгө камап жаткан учурда чыккан болуусу керек. Заман оошуп отуруп бул накыл сөз кайрадан учурлаш болуп калды. Азыр деле түрмө ууру-кескилердин, жемкор-шылуундардын отура турган жери эмес. Чынында эле эр жакшылары барып отура турган жерге айланып бара жатабы? 

Кечеги Жеңиш Молдокматовду былтыркы октябрь окуяларына байлап камап койгондору эч акылга сыйбай турат. Ал күндөрү Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев ошол жерде отуруп иштеп жатпады беле? УКМКнын жамааты деле ордунда болчу. Ал күндөрү Жеңиш басып алды деген бир да сөз жок болчу. Анын үстүнө генералдар баш болуп баары өз орундарында отурса кантип басып алмак эле? Түшүнүксүз", - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости