www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда болгон президенттик шайлоонун экинчи туру болмой болду. Дээрлик 20 жылдан ашуун мезгилден бери Түркияны башкарып келе жаткан Режап Тайып Эрдогандын бул жолу колдогондор 50% ашпады. Ошол эле учурда утулган жок. Жеңе да албады. 

Бул жагдай эл Эрдогандан тажай баштаганын, жаңы лидерди эңсеп калышканынан кабар берди. Бирок, дагы да болсо таптакыр таасири жоголуп, рейтингги өтө төмөндөп кетти деп айтууга болбойт. Жогору да эмес, төмөн да эмес орто балансты сактап турганы, колдоочуларынын калың катмары бардыгын айгинелейт. 

Ошентсе да, буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу алганда, биринчи турда ута албай калганы көп нерседен кабар берет. Саясий серепчилер Эрдогандын 21 жылдык саясий доору аягына келип калды деген баасын беришүүдө. Ошондой болсо дагы азырынча так кесе жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес. Чечүүчү тур, шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтөт. 

Кийинки турда Эрдогандын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү азыраак экени айтылууда. Биринчи турда Эрдоган 49.35%, Кылычдаруулу болсо 45% добуш алды. Эми тараза ташы кимге оойт табышмак. 

Анткени, шайлоодо добуштардын 5% ашыгын алган «Альянс АТА» саясий блогунун талапкери Синан Ога экинчи айлампада атаандаштарынын кимисин колдой турганын чече электигин айтып, интригага жем таштады. Албетте, 
үчүнчү орунду алган талапкер Синан Оган кимди колдосо анын 5% алган добушу толугу менен бир тарапка өтөт деген калпыстык. Бирок, ал кимге жан тартса тараза ташын ошол талапкерге оодарышы толук мүмкүн. 

Азыркы учурда Эрдогандын позициясы бир топ бошоңдой түшкөнү билинди. Оппозиция "диктатураны алмаштырабыз" жана "сенден тажадык" деген лозунгтар менен добуштун жарымын алып койду.

Эгерде, экинчи турда оппозициялык блоктун талапкери Кылычдаруулу өз тарабына Синан Оганды тарта алса, бийликти алмаштыруунун мындан артык мүмкүнчүлүк болбосун элге туура жеткире алса, утушту камсыздоого жетишиши ыктымал. 

Анда эле Түркияда Америка менен Батышка ыктаган жаңы саясат жүрөт. Эрдогандын саясий доору аяктап, өзү баш болуп анын канча жылдан берки үзөңгүлөш командасынын көбү, укуктук жоопкерчилик маселесин баштарынан өткөрүүгө туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости