www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун уулу Петр Каримов Красногорскиде аялын сабап салган. Бул тууралуу “112” Telegram-каналында маалымдалды.

Басылманын маалыматына караганда, окуя Подмосковный бульварындагы көп кабаттуу үйдө болгон. Петр Каримов аялы Юлия Сметанкинаны чыр-чатактан улам бир нече жолу урган.

Аял ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, Каримов милиция бөлүмүндө суракка алынып, бошотулган.

Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Известия" басылмасынын маалыматы боюнча, Өзбекстандын мурдагы президентинин уулу азыр шектүү деген макамда.

Дарыгерлер жабырлануучу курсагынан, баш мээсинен жаракат алганын аныкташкан.

ММКлар Петр Каримов Ислам Каримовдун Наталья Кучми менен болгон биринчи никесинен тун уулу экенин жазып чыгышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости