www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркек үй жумуштары үчүн аялына алимент төлөйт

Кытайда биринчи жолу ажырашуу учурунда күйөөсү үй жумуштары үчүн жубайына алимент төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Пекинде ажырашуу процессинде сот жергиликтүү шаар тургунун үй жумуштарын жасаганы үчүн жубайына алимент төлөө милдеттендирген чечим чыгарды. Соттун мындай чечимин алгачкы жолу болгону жазылат маалыматта.

Түгөйлөр 2015-жылы баш кошуп, 5 жыл бирге түтүн буланткан. 2020-жылы Чен ажырашуу үчүн сотко арыз берген. Алгач жубайы Вон каршы чыгып, жолдошу үй жумуштарына жана бала тарбиялоодо эч кандай милдеттерин аткарбаганын айтып чыккан.

Сот Ченге жубайы үчүн 50 миң юань (7 миң 700 доллар болжолдуу) өлчөмүндө алимент төлөө милдеттендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости