www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Меган Маркл өз жанын кыюууга аркет жасаган

Меган Маркл өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө мурда ойлонгонун мойнуна алды. Бул тууралуу ал америкалык теле алып баруучу Опра Уинфриге берген маегинде айткан.

«Мен бул тууралуу Гарриге айтуудан уялдым. Бирок мен ага айтпасам, чындыгында эле жасай тургандыгымды билдим. Бул абдан коркунучтуу ой болду», деди ал.

Маектешүүнүн алдында The Times гезити Меган Маркл жөнүндө бир нече терс макалаларды жарыялаган. Алардын биринде Марклга 2018-жылы Сауд Аравиясынын мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман Аль Сауд белек кылган сөйкөлөрдү тагынган деп айыпталган. Бул саудиялык журналист Мухаммеддин тиешеси бар деп шектелип жаткан журналист Жемал Хашкужи өлтүрүлгөндөн көп өтпөй болгон.

Daily Mail жана башка британиялык таблоиддер Улуу Британиянын ханышасынын 99 жаштагы күйөөсү, ханзаада Филиптин ден-соолугунун начарлашына байланыштуу маекти жокко чыгарууга чакырышты. 17-февралда ал жугуштуу оору менен ооруканага жаткырылып андан кийин жүрөгүнө операция жасалган.

Белгилей кетсек, Ханзаада Гарри менен Меган Маркл Британиянын королдук үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү катары 2020-жылдын 1-апрелинде өз милдеттерин токтотушкан. Америка Кошмо Штаттарына көчүп кетүү, иштөө жана бизнес кылуу укугуна ээ болуу үчүн, алар өкмөттүн каржылоосунан жана Sussex Royal брендинен баш тартышы керек болчу. Netflix видео кызматы менен келишим түзгөндөн кийин, Гарри менен Меган падышанын үй-бүлөсүнөн каржылык көзкарандысыздыкка ээ болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости