www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Буга чейин социалдык тармактарда эркекти эркек зордуктаган видеодогу жаран ушул деген сүрөт тарап, катуу талкууга алынган. ИИМ аталган жаранды таап, ал эч кандай тиешеси жок экенин аныктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат жана эскертет.

"ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Фейсбук жана Инстаграмм социалдык тармагында 51 тайпадан жана блогерлердин баракчаларынан аталган видеону өчүрдү жана тиешелүү иш-чараларды жүргүздү.

2021-жылдын 24-январында интернет тармагында белгисиз 16-18 жаштагы жарандын сүрөтү коюп, “сүрөттөгү бала зордуктаган” деген маалыматты “Интернет” аттуу колдонуучу уюлдук телефон аркылуу социалдык тармактарга жайылткан. Таратылган сүрөттөгү жаран Бишкек шаарынын Ленин районунун тургуну Б.А. экендиги жана анын аталган окуяга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү "жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренеси менен катталып, жалган маалымат тараткан Чүй облусунун 16 жаштагы тургуну Т.Ж. кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости