www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ысык-Көлдү тегерете эс алуу жайларынан чыккан сарпынды сууну тазалоочу, таштанды кайра иштетүүчү завод куруу керек», - деди бүгүн, 24-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эркингүл Иманкожоева.
- Эркингүл айым, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн эмне кылышыбыз керек? Алгач кайсыл тармакты жолго коюшубуз керек?
- Биринчиден, экономиканы көтөрүүнүн аракетин көрүшүбүз керек. Айыл чарбасына көңүл бөлүп, азык-түлүк коркунучун азайтуу зарыл. Ошондой эле барган сайын эгин айдалбай, чөп кымбаттап, жайыт азайып, айдоо аянттар кайрак жерге айлана баштады. Мөңгүлөр азайып суунун тартыштыгы көбөйдү, оорулуулар ооруканага батпай, дарылануу үчүн бир айлап кезек күтүшүүдө.
Мына ушул маселенин баары чечишибиз керек. Ошондой эле Ысык-Көлдү тегерете эс алуу жайларынан чыккан сарпынды сууну тазалоочу, таштанды кайра иштетүүчү завод куруу керек. Айдоо жерлерди суу менен сугаруу, кайрак жерлерди сугат жерине айландырып азык-түлүк маселесин чечүү керек.
Элдин саны өсүп жаткандан кийин айдоо жерине үй салууну токтотуп, тоонун бетин иштетүү керек. (Грузия ошондой) Элди электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, Сары-Жазга окшогон жердин баарына ГЭС куруу керек.
Жашылча жемиштерди кайра иштетүүчү заводдорду куруп, элди жумуш менен камсыздаш керек. Кыскасы, мамлекетти өнүктүрөбүз десек, Ысык-Көлдү гүлдөтүүнү кааласак каражатты мына ушул тармактарды өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg