www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Премьер-министр болуш үчүн өзү таза, коррупцияга аралашпаган адам болушу зарыл. Экинчиден саясий эрки керек. Анткени, президенттен, депутаттардан көз каранды болуп, кадр саясатын жеткиликтүү чече албай келет. Кабинет министрликти өзү чечип, ошолордун ишине жооп бериш керек! Үчүнчүдөн жумуштан кетип калам деп ар кимдин көзүн карай бербей, чечкиндүү кадам таштаган инсан керек болуп турат.
Кыргызстанды бир жылда бутуна тургузса болот. Бизде парламентте жалаң бизнесмендер, олигархдар отуруп алып, тигини кой, муну кой деп премьерге бут тосуп жатышат. Мисалы, ТИМге Чыңгыз Айдарбеков деген жаш кадр министр болуп келди.
Бир депутат айтып жатат “Саякатчы бака болуп кетти, мен отчёт бер, консулдардын тизмесин бер десем, отчёт бербей жатат" деп. Ал чет мамлекеттерге чыгып карым-катнаш түзүп, инвестициялык долбоорлорду алып келүүгө далалат кылып жатат.
Эмне кабинетте отура бериш керекпи? Иштеп, өзүн көрсөткөнгө да мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл. Ар ким өз ишин кылса, жакшы жыйынтык чыгат.
Булак: "Жаңы Ордо"