www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тээ 2011-жылы эле ЖК депутаты (ошол кезде да депутат болчу) Исхак Пирматовго карата өтө оор берене менен кылмыш иши козголгонун билебиз. Тактап айтсак, ал 2010-жылы «Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда мамлекетке 258 млн сом зыян алып келгени белгилүү болгон. 
Бул кылмыш иши коомчулукта чоң резонанс жараткан. Бирок, акырындык менен ал кылмыш иши тууралуу сөздөр азайып, бара-бара унутта калгандай болгон эле. 
Көрсө, И. Пирматовго ошондо партиялашы, фракциялашы Алтынбек Сулайманов жардамга келген экен. Ал ошол убакта «серый кардинал» болуп, кадр маселесинен тарта контрабандага чейин көзөмөлдөп турган Икрам Илмияновго кайрылат. Илмиянов ошол убакта премьер-министр болуп турган «кожоюну» Алмазбек Атамбаевдин таасири менен Пирматовго козголгон кылмыш ишин токтоттуруп койгон. 
Белгилей кете турган жагдай, ошол убакта И. Пирматовду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу боюнча маселени караган депутаттык комиссиянын катарында Алтынбек Сулайманов да болгон.

Демек, И. Пирматовго карата козголгон кылмыш иши 1 миллион доллардын жардамы менен гана жабылып калганын түшүнсөк болот. Анын кылмыш иши токтотулганы менен бул жерде жаңы кылмыш иштери пайда болуп атканын да эске алуу керек. Тактап айтсак, паракорчулук боюнча. Пара бергени да, пара алганы да бар. Аттары да белгилүү. Демек, буга тиешелүү укук коргоо органдары көңүл бурат деген ишеничтебиз. 
А баса, мына ушул кылмыш ишин токтоттуруунун арты менен И. Илмиянов менен А. Сулайманов көп кабаттуу турак-жайлардын биринен бир нече кабатына ээлик кылып калышканын да айта кетүү керек. Тактап айтсак, Бишкек шаарындагы темир жол вокзалынын аймагында «Ала-Тоо» мейманканасынын менчигинде көп кабаттуу үй курулуп жатканын билебиз. И. Пирматов, А. Сулайманов жана И. Илмияновдун ортосундагы болжолдуу сүйлөшүүлөргө ылайыкошол көп кабаттуу үйдүн 1-3 жана цоколдук кабаттары И. Пирматовго тиешелүү болсо, калгандары калган экөөнө «белек» болгон экен, - деп жазат Беспредел KG порталы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости