www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башка өлкөлөрдүн башкасын туурасаң да сөгүнгөнүн, богооздугун туурабай эле оокат кылуунун ылаажысы бардыр. «Миллиондогон просмотр чогултам» деп кадырыңды төкчү жолго барбай эле койсоң кантет», - дейт белгилүү журналист Эрнист Кыязов. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«...сөгүнүп-кагынып, ар кыл чуулуу жоруктарды жасап, кээде маскара, кээде наалат угуп жүрө берген бирөө болсо «аа бул акыры ошону кылмак…» дешип баш чайкап «...эми жөн жүр өөй жубарымбек» деп эл тентек бирөөнү тыя жүргөндөй тыймактыр аны. «Кокон гилас», «Көкбөрү», «Дүрүдүм», «Ачуу айран» деген шаңдуу ырларды ырдап жүрүп эле, анан бир күнү оозунан б..к-сак төгүп баштаса «бу жигит ошол өзүбү же башкабы» деп таң калат экенсиң.

Курал иним, элге айтсаң жакшыны жар сал, жаманыңды жашыр. Өзүң тамашкөй, жарык маңдай жигит элең, эми той-топурга келип ырдап турсаң, элдин көзүнө баягы шойкомдуу жоруктарың, «звезду п..# ду», «т..гымды тырмадым», «к..түнө бөтөлкө тыктым», «кайрат мн жаттым» деген балээлериң элестелип турса... жакшыбы эми ошол? Башка өлкөлөрдүн башкасын туурасаң да сөгүнгөнүн, богооздугун туурабай эле оокат кылуунун ылаажысы бардыр иним, «миллиондогон просмотр чогултам» деп кадырыңды төкчү жолго барбай эле койсоң кантет дейм да?

Өзүңдүкүн төккөнүң аз келгенсип, ал шойком-шоуңа аттуу-баштуу эле атактуу досторуңду чакырып алып алардын оозунан да ак ит-кара иттерди агыта шермендесин чыгарып, ошол нерсе элдин мээсине нормалдуулук катары сиңип кетээрин балким аңдабай жатканың өзүңө да, өзгөгө да аброй алып келбес? Кыскасы бул «креативдүүлүгүң» саал туура эмес болуп калдыбы деп турам да… Ким эмне жасаарды-коерду, эмнени сүйлөп нени унчукпоону, эмнени көрүү же көрбөөнү өзү тандаган эркин заман азыр, бирөө бирөөгө кантип жашоону үйрөтүүнүн өзү да туура эмес албетте.

Эми ошентсе да, парасаттуу имиджиңди дароо сөгүнчөөк имиджге алмаштырмакчы болгон «авантюраңды» абайлап жасабасаң, чыгармачылыгыңды күм-жам кылып алба…  Ак ниет кеңешимди эске алсаң эске алаарсың, албасаң «бу деген творчество да эми…» деп атыңды каалаган жагыңа, каалагандай чаап кете берээрсиң иничек…», - деп жазган журналист.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости