www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узак жол

"...бу кыйын жигит" деген мактоолорду, "...таланты менен жерде калбайт" деген сооротууларды окуйм фейсбуктан. Чын эле кыйынмын ээ деп, делөөрүп кетме шайкелең курактан өткөнгөбү, тек окуйм да жылмаям. "...сыягы телеканалдан кетип тээ жогор жактагы пресс секретарлыкка же дагы бир кызматка барат окшойт.." деген жоромолдорду окуп таң калам. Айтаарым, эч ким менен эч кайсы кызмат тууралуу сүйлөшүүлөр болгон эмес. Бешинчи каналдын баш директорлук кызматына да мен кишиден киши салып, же кошомат кылып белектерди бердирип атып, кимгедир карыздар болуп барган эмесмин. Кезинде өкмөт ошондой аманатты мага сунуштады, мен ал сунушту кабыл алып эки жарым жыл иштеп бердим. Албетте бекер эмес. Телеканалга жамаат топтоп, проекттерди уюштуруп, контент жараткан менеджерлигим үчүн өкмөт элдин чөнтөгүнөн мага ай сайын айлык берип келди, жамаатымдын пешене тери үчүн ай сайын акча бөлүп атты. Ал жагынан алганда, мени ушул кызматка сунуштаган, ал ишке чакырган кайсы бир конкреттүү "катталарга", чоңдорго эмес, мээнет акыны төлөп берип аткан ЭЛГЕ рахмат айтам. Мени ким кетирди, эмнеге кетирди, кантип кетирди..убап-чубап, ак үй, көк үйдөгү ватсап-перепискаларды, аудио сүйлөшүүлөрдү бул жакка чыгарбай эле коеюн.

Баса, КТРКнин башкы директорлугуна карата сынакка катышмак болгон ниетимди угушуп, өкмөт жактан "талапкерлигинди алып сал, иштеген ишин бар, айлыгын бар, Баланчаев деген талапкердин пайдасы үчүн сынакка катышпай эле кой " деген кайсы лөк экенин, ал кабинетине чакырып алып эмнелерди айтканын да айтпай ак коеюн. "Катышпа" дегенине карабай, катышып, өйдө жактын назарынан калган тентектигим балким ишиме кедергисин тийгизген чыгаар. "Плюрализм керек, ар тараптарды чакыруу керек" деген позициям боюнча президенттин, өкмөттүн пресс службалары менен көз карашыбыз дал келбей келгени бул анык. Садык Шер менен Клара Сооронкулованы эмнеге талкууга чакырасынар?! - деп тил укканым да чын; эмнеге эле киши таппай калгансып Айданбек Акматовду эфирге чакыра бересинер? - деп ак үй жактагы медиа тармагын тейлеген бир чоңдун тилпондо күпүлдөгөнү да чын; Каныбек Иманалиевдин эфирге чакырылып калганы үчүн тил укканым да ырас. Жениш Молдокматов деген жигитти эфирге чакырып, ал түз эфирде С.Жапаровго карата ачуу көз караштарын айта койду эле, ошол эфир үчүн да мага ак үйдөгү лөктөрдүн ичтери кабышып калганын туюп эле жүрдүм. "Азаттыктагы" тажрыйбасы менен мага арка-бел болот деп командама чакырган Нарын Айыптын бийликти туздап-чымчылаган көрсөтүүлөрү үчүн С.Жээнбековдун маалында да Ак үйдөгү медиа чоңдордон тил укчу элем, былтыр өктөбүр айынан берки Нарын Айыптын туздоолору анча-мынча уланып жатканы үчүн ак үй-көк үйдөгү пресс кызматтын лөктөрү мени жакшы көрүп жатпаганы сезилип эле турду мага. Үч-төрт курдай "Апта сереп" деген көрсөтүүнү өзүм алып барып, "Садырлап" кыйкырган тараптардын жакшы жактарын айтканым ак үйдөгү медиа "катталарга" өтө жагыптыр да, а кемчилик жактарын калемпирлеп айтканым такыр эле жакпай көбүнүн мага карата итатайы тутулуптур. Гендиректор экенин унутуп, өзүн журналист сезип, жетекчилик кызматынан, эфиринен пайдаланып "тигини жакшылап атат... аркыны жамандап жатат" деген жалаа кепке калбайын деп, "Аптасерепке" чыкмайды да дароо токтоткомун.

Маммүлк фондусунун чоңдорунун колун толгоп, чечим чыгарта салган ак үйдөгү былгытма "чоң" ким экенин билбейм, бирок ошол күнү "телеканалга момундай проекттер керек" деп эчтекеден капарсыз чыгармачыл план чийип олтурган мен да, президенттик администрациянын, маммүлк фондусунун өкүлдөрүнүн түрткүлөөсүндө келген досум Рахат Сулайманов да өтө ынгайсыз болуп, экөөбүз маңдай-тескей олтуруп, акыры достукту биринчи орунга коюп маселени жайгарып, өз колум менен жадырап-жайнап башкы директорлук креслого олтургузуп батамды бердим. Рахат досум, сени көбү ГКНБдан келди деп шыбап атканы менен, сенин сөөгүң теленики, экөөбүз КТРдин Ала Тоосунда иштеп жүргөндө деле ак үйдөн так эле ошондой "аны кыл, муну кылба" деген чоң-сөрөйлөр башыбызды оорутчу, эсиңдеби? Ак үйлүгүнө салып омуроологонуна кыжырыбыз келип, баш аягы жок өкмөттүк маанисиз чогулуштарды аргасыз берээрин берип, бирок ошондо да креативдүү, плюрализмдүү боло коебуз деп... ошонку Ак үйдөгү пресс кызматтагы чоңдорго жаман көрүнүп эле басып жүргөнүбүз, а түгүл нервибиз кашайып тамеки чекпегендерибиз да тамекини бурулдатып чегип баштаганыбыз, кээ бирибиз жүрөк оорунун дарысын шимип калганыбыз эсиңдедир?..

Биздин "демократиялуу", "плюрализмдуу" шоктугубуздун айынан ошонку баш деректир Кыяс Молдокасымов экөөбүз Президенттик администрацияга тезинен чакырылып мени көзүмчө ал: "Медет Чоканович, эки тараптуу берип турбасак болбойт, бир тараптуу эле.. бийлик жыргатып атат куунатып атат дей берсек..көрдүк го, аягы эмне менен бүтөөрүн" деп өзү иштеп кеткен "Азаттыктын" стандарттарын айтып баштаганда раматылык Медет Чоканович "...Кыяс, ты че как маленкий мальчик, мы же взрослые люди здесь, давай не будем говорить всякие стандарты, делай что тебе говорят" деп чорт кесе чартылдаганын силерге деле айтып берсем керек эле... Көп өтпөй Молдокасымовду да кызматтан алып тынышты. Анан Эшимкановдун доорун көрдүк. Революционерлердин катарында кызыл жоогазын булгалап маршка чыккан Оксана Малеваная кийин ак үйдүн 7-кабатында маалымат айдынын тейлеп, башында креативдүү эле бараткансып, анан бара-бара маалыматтык саясаты тенирден тескери кеткенин экөөбүз КТРден кетип ар кайсы жактарда иштеп жургөндө, көрүп, байкап турбадыкпы?

Кыскасы, сага айтчу кеңешимдин нокоту досум, бардык баш деректирлерге ак үй тараптан айтылчу сөз сага да айтылат, баары бир "аны кыл, муну кылба!" дешет, балким сен дагы мендей наивныйлыкка салып "апеей… койгула балансты сактабасак болбойт го" деп чочуурсуң... же "мейли эми" деп башыңды ооруткун келбей макул болоорсун. Бирок мен сени билем, болбой эле абийириң кыйналып, анча-мынча бийликке оюн түз айткан тараптарды эфирге чыгарып-чыгарып бугуңду чыгармай жагына качырасың баары бир. Ошентесин… Чарбакөй менеджерлик кылып эле телеканалдын айнегин кадаттырып, үстөлүн оңдоттуруп, светтерин алмаштырып жүрүп албай, ак үй, көк үй тарапка кабагынды түйүп буркулдап "эээй жакшылар, таптакыр эле силер айткан жол менен кете берген болбойт, коомдо топтолгон нааразы ваакумду эфир аркылуу чыгарып туралы" деп саясый менеджерлик да кылып турбасаң, моюнуңа минип алышып "...пошел ты со своими стандартами, плюрализмами" деген бай-манаптыгына салып жаман көнүп алышпасын, кыскасы абайла досум. Мага айтылып келген сөздөр сага да айтылаар… "...биз бешинчи каналга жоктон бар кылып бюджеттен жылына 20 млн сом бөлдүрүп бердик, эми уят кылбай иштегиле, биз айткан чогулуш-жыйындарды тарттырып, биз айткан кишилерди чакырып тургула" дешеттир.. А сен бир нерснеи түшүн Раке, алар акча бөлдүрсө өз чөнтөктөрүнөн бөлдүрүп аткан жок, салык төлөгөн элдин чөнтөгүнөн, элдин акысынан бөлдүрүп атышканын унутпа.

Демек, телеканалда Садырды, Адаханды, Абдилди, Камчыбекти, Текебаевди, Алмазбекти, Улукбекти, Равшанды, Отунбаеваны, Айменди, Клараны, Сооронбайды, Садыкты, Арстаналайды, Канатбекти, Бактыбекти, Курсанды, Каныбекти, Бабановду, Эльдарды, Бабыржанды, Сыймыкты, Бакайды, Мотуевди ж.б. ар кыл лидерлерди "туура" деп жактаган ЭЛДИН баарынын көз караштарына, пикирлерине бирдей, калыс орун берилиши керек деген сөз. Жетекчи катары сен ошентүүгө акың бар, а түгүл милдеттүүсүң. Айтмакчы, өкүмөттүн, президенттин, прес секретардын өз өзүнчө ватсап-группалары бар, мен ал группадан сен келээрин менен чыгып кеткем, ал жакка эми сен кошулгандырсың, күн алыс ошол жерден ар кайсы твларга тапшырма берип, кеп-кенеш, насаат, консультация айтып турушат. Аларга жооп катары "аткарабыз, "хоп, " "макул", "албетте" деген лайк менен смайликтерди дембе дем жиберип турган твлар бар. Эмнегедир соңку айларда Бешинчи каналга купулу толбогон, алар дайындаган тапшырмаларын так аткарбаган мага ошол ватсап группанын аркы бурчунда олтурган чоңдордон көп сын уктум, мага карата нааразы маанайларын байкадым. "Туура эмес кылып атасың" деген нааразылыктарына "туура эле кылып атам" деп аргументтеримди жазып, өздөрүнүн туура эместиктерин, катачылыктарын, кемчиликтерин ичиме былгытып катып олтурбай, маал-маал каяша айтышып турчу элем, эми ошондой тапшырмалар сага да жаап аткандыр Раке?.. Абийриң менен кеңешип иш кылбасаң, дароо эле жонуңа бюрократиялык ээрин токуп мине калышып, каалаган жагына каалагандай чаап жөнөөгө даяр турушат.

Жогорудагынын баары жумуштан кеткендеги ызадай, кайра ордуна баргысы келгендеги көксөөдөй туюлушу мүмкүн. Бирок, таптакыр андай эмес. Мен Бешинчи каналда көрсөтөм деген жетекчилик потенциалымдын көбүн көрсөтүп болдум, идеяларымдын баарын болбосо да көбүн реализацияладым. Атасынан менчикке калган мүлктөн бетер бийликтен кеткиси келбеген президенттердей, туулганда эле кайсы бир мамлекеттик ишканага деректир болуп туулгансыган мансапкордой, жыйырма-отуз жылдап мектептин каржылай канын соруп, такыр кетикиси келбей жүрө берген директорлордукундай амалпараздык менен ооругум келбейт. Жогорку бийлик жактарда гана эмес, башка майда-чон тармактын жетекчилик орундарында кан жаңыланып, менеджерлик жаңыланып, идеялардын атаандаштыгына жол ачуубуз керек. Бул жагынан алганда, менин ордума келген Рахат Сулайманов шуулдаган идеячылдыгын, туш тараптар менен тил табыша билген ийкемдүүлүгүн Бешинчинин беделин мындан ары да жогорулатууга жумшайт деп үмүт кылам. Менин жетектөө тушумда, саясый окуяларды берүүнүн балансы өтө супер идеалдуу болду деп айта албайм, бирок жок эле дегенде ошол балансты сактоого, колдон келсе андан да сапатын арттырууга духуң жетет деп ишенгим келет Рахат.

Ак үй көк үйдөгү медиа-жетекчилердин маалыматтык саясатты түшүнүү денгээли да өтө маанилүү. Кезинде ишсиз жүргөндө Бакыт Аманбаев Бешинчи каналга байма бай чакырылып, эфирде бийликтин осол жактарын тартынбай айтып, анан ар келген сайын "Бешинчи канал азаматсыңар, КТРК, ЭЛТРге салыштырмалуу силер ар кайсы тараптардын пикирине орун берип атканыңар аябай туура болуп атат!" деп алкап, өзү менен кошо иштешкен экс-азаттыкчылар Нарын Айыптын, Шайырбек Эркиндин Бешинчи каналдагы көрсөтүүлөрүн кубаттап, кабинетимде чай ичишип олтурган күндөр артта калды. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин Бакыт аке өкмөттөгү маанилүү кызматка келди, сөөгү-журналист. Дагы бир сөөгү журналист айым Галина Байтерек менен илгери КТРде чогуу иштеп, саясый окуялардын өйдө-ылдыйын кошо баамдап, кошо кесиптеш болуп калган жайыбыз бар, ал киши октябрь окуяларынан кийин президенттин пресс катчысы деген кызматка келди. Азыркы учурда ак үйдөгү медиа чоңдордун бири Нургазы Анаркулов деген ини-досум менен тээ "Аалам" деген гезиттин ааламында жүргөн кезинен бери чыгармачыл, турмуштук байланышыбыз бар, анын да сөөгү журналист. "Бүркүттү сүрдүү кылган тырмагы" дегендей, үчөөңдүн тен сөөгүңөр журналист болгону менен, азыркы кызматыңардын сүрү көп кишини сүрдөтүп турган чагы.

Былтыркы октябрдан бери үчөөңөр менен тең жолум кесилишип, Бешинчи каналдын маселеси боюнча ой айтышып, кээ бир маселелердин тегерегинде талкуулашган учурларыбыз болду. Баштапкы тааныштай көрүп эле, чоңдугуңардын чоң экенин эске албай, этиканы сактабай, башкалар түшүнгөн "элементарный нерселерди" түшүнбөй башыңарды оорутуп, кыжырыңарды келтирип, тетириленген чаар баштыгымды өзүм деле сезчүмүн. Эми ошол эле тежиктигиме салып, силерден бир өтүнүп кетээрим, мамлекеттик медиаларга "Айданбекти чыгарбагыла", Клара менен Садыкты неге чакырдыңар?!", "Жеңиш Молдокматовду чакырып өлө соктурдуңар го!", "Каныбек Иманалиев неге чыгып жүрөт?!" деген критерийлер менен маалыматтык саясат жүргүзгүсү келген тентектерди байкап калсаңар, "...ө-өөй мындай болбойт, так ушундай ыкмаларды ар келген бийлик колдоно берип акыры аңга тыгылган!" деп какыс-кукус кылып урушуп коесуңарбы, сураныч? Антпесе мамлекеттик медиаларда бийликке ашкере жан тарткан, бийликтин оппоненттерин бир беткей туздаган жагдайлар болсо эле, шектүу таштардын баары өкүмөттүн, президенттин пресс катчыларынын огородуна түшө берээрин жакшы түшүнөсүңөр да?.. Баланстуу көргөзүү, бүт тараптардын пикирин элге чагылдыруу эмне экенин албетте силер эн сонун түшүнөөрүңөрдө кеп жок, ошону түшүнбөгөн, түшүнгүсү келбегендер силерден да өйдө жактагы лөктөр экенин деле эл сопсонун тушүнүп турат. Бирок ошолорго түшүндүрүү, ошолорду ынандыруу үчүн силердей мыктыларды тандап алышып, азыркы кызматтарды силерге ылайык көрүшкөн да? Бөрк ал десе, башын алып ийме жагына качырбай, ар кайсы мамлекеттик медиалардын башчыларын "...башты оорутпай айтканды айткандай аткарчы!" деген метод менен башкармайды тыйып, плюрализмдин өнүгүүсү үчүн силер да салымыңарды кошкула.

Эми, илгери куугунтукталып Польшада жүргөндө ошол өлкөгө барып Кумтөр тууралуу кенен маек алып, жеңенин чайын, тамагын кошо ичишкен, жайнамазда катар туруп кошо намаз окушуп калган Садыр Жапаровго инилик кулак кагыш. А кезде азыркыдай "Садыр Нургожоеывич!" деп кымбат куртка кийгизе салган, төбөңүзгө суусар тебетей кондура койгон, күлүк тартуулап мингизип күлүктү жетелей алды-артыңыздан кол чаап ураалаган эч ким жок эле; өкүмөттүк медиаларда сизге кылмышкердин образы таңууланып, көпчүлүккө сиз "эл душманы" болуп маалымдалчусуз.

Туш тараптан жалаа тооруган ошол жылдары агаңыз Садыр Жапаров күйбөгөн жери күл болуп, мага байланышып "тилиң жатык жүрналис элең, Кумтөрдүн былыктарынын анык картинасын мен айтып берейин, сен жазып бир фильм кылып берчи, элге жеткирели" деп, анан күн алыс Көкжардагы үйүндө текстин жазып, үнүн өзүм окуп, керектүү маектерди чаптап , муңканган музыкаларды коштотуп эски нотбугумда монтаждап фильм кылып чыгарып интернетке жайып (агезде Ктркга же элтрге эфирге чыгаруу кайда..) элдин жүрөгүнө жеткирүү аракети болду эле.. Эми мунун баарын сизге неге эстетип атам? "Байке-е бул мен алиги Эрнисмин, илгери сиздин таламды талашчу эмес белем, эми моминтип мени кызматтан ыргыткандарды төпөштөп коеспу?.." деп кол булгалап сизге белги-намек бериш үчүн эмес; "..кайра Бешинчиге барып олтура калсам болот эле.." деп көз ымдаш үчүн эмес; "эптеп кыйкыра эле берсем байкайттыр" деген жанталашуу үчүн да эмес; менин сизге жеткиргим келгени - сиз президенттикке киришкен күндөн тартып сизге контр аргумент айткан, альтернативдүү ой айткан, жаныңызды ачыштыра сын айткан тараптарга КТРКнын, Элтрдин, Бешинчи каналдын эфири тосулбасын, ошол каналдар аркылуу оппоненттериңиз бир беткей шыбалбасын. Өздөрү деле илгери мени ошентип кордошчу эмес беле! - деген жолду тандасаңыз эле бүттү, өкмөттүк, президенттик медиа жетекчилериңиз сиз чийген жолдон чыкпай кылычтарын булгалап чаап жөнөшөт. Миңге жакын киши иштеген КТРКга барып өткөргөн маалымат жыйыныңызда деле "Мына чакан эле жамаат менен 5 канал кандай иштесе болоорун көрсөттү" деп алкабадыңызбы, 70 тей киши эмгектенген ошол каналдын ийгилигинин сыры эле ушул бодчу, каналда коомдогу бардык катмардын көз караштарына, сындарына эфирден орун берүүгө аракет кылчубуз.

Кандай идеалдуу бийлик болбосун, аны сындап турган оппоненттери болбосо көздү май басаарын отуз жыл ичинде көрүп-билип бүткүдөй деле болдук бейм. Окулган намаз албетте эч кимге афиша болбошу керек, бирок намаздын философиясын түшүнгөн киши катары сиз - мурункулар кетирген катаны кетирбей, алардан башкача, алардан айкөл, алардан ат чабым айырмаланган жогорку нраваны туу тутаарыңызды далилдешиңиз керек болуп турат. Эгер баягыдай эле көнүмүш жолдор улана берсе, баягыдай эле диктаторлук адаттар кайталана берсе анда сиздин абакта жаткандагы умтулган максаттарыңыздын мааниси, "садыр! садырлап!" кыйкырган элдин үмүтүнүн мааниси, атаңыз менен уулуңузду жоготуп кайгырган трагедияңыздын мааниси сокур тыйынга да арзыбай калаар. Анда кайра эле "диктаторду жоготолу!" деген маанай күчөп, сизди аяган, сизге боор ооруган, сизди баатыр элестеткен элдин маанайы учкан чаңдай жок болуп, сизди колдогон эл былтыр өктөбүрдө кантип алеки заматта топтолуп келип бийликти заматта алып койгон сыңар, эгер сизден ишенич кетчү болсо сиздин колдон да бийликти заматта алып койчу кокустуктар өтө чоң экенин эске түйө жүргөйсүз. "Чындыктын дарыясы адашкан сай менен агат" дешет, сиз мурда түшүнбөгөн чындыктарды түшүнүү үчүн, адашып аккан сайдын агымы менен да, күркүрөп түптүз аккан сайдын нугу менен да агып көрдүңүз. Ошол чындык үчүн өзүңүз үчүн, кабыргаңыз кайышса да эң ыйык болгон баалуулуктарыңызды курмандыкка чалып, ары кордугу көп, ары татаал, ары узак жол бастыңыз. Ошол узак жолдун чыныгы баасы КЫРГЫЗСТАН деген мамлекет экенин да менимче түшүнүп турасыз…

Баш кесмек бар, тил кесмек жок, Садыр байке.

Сиз Варшаванын дүкөнүнөн сый катары алып берген жашыл куртканын ээси, чаар баш жүрналис иниңиз Эрнис Кыяз.

Эрнис Кыязов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости