www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия өнүктүрүү банкы Кытайдан 230 млн $ алды

Евразия өнүктүрүү банкы Кытай жана банктын карамагындагы мамлекеттер менен чек ара келишимдери үчүн 230 млн долларга жакын каражат бөлөт. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын сайтында маалымдалат.

Бул каражаттар Кытайдын Эксимбанкынан алынган.«Бул ЕӨБ үчүн кытай рыногунан алган алкгачкы каржылоосу. «Эксимбанк» менен түзүлгөн келишим — орто жана узак мөөнөттүү насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча туруктуу иштин натыйжасы. Бул Евразия Өнүктүрүү Банкы үчүн  өнүгүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга жана биздин өлкөлөрдүн интеграциясы үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет », — деди Николай Подгузов, ЕӨБ Башкармалыгынын төрагасы.

Андан сырткары, ЕӨБ башка каржы булактары аркылуу дагы долбоорду каржылоо үчүн 110 млн доллар тарта алды.

Кошумчалай кетсек, «Эксимбанктан» алынган насыя линиясы 5 жылдык мөөнөткө берилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости