www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Орусияга каршы согуш ачабы?

Евробиримдик Москваны экономикалык жактан кысууга аракет жасайт. Бул тууралуу Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз Орусияга каршы глобалдык экономикалык жана финансылык согуш жүргүзгөнү жатабыз", — деген ал France Info радиостанциясынын эфиринде.

Украинада Орусиянын атайын операциясы башталгандан бери батыш өлкөлөрү жаңы санкцияларды киргизип жатат. Евробиримдик Орусиянын банкынын резервдерин жана активдерин башкарууга байланыштуу операцияларга тыюу салды. Ошондой эле россиялык бир нече финансылык уюмдар, Сбербанк жана ВТБ чектөөгө кабылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости