www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мурдатан бери айтып келген либералдык (биздин экономика 30 жылдан бери ушул системадабыз), Бреттон Вуд, банк экономикалык система киреше бербей структуралык кризиске такалган", - деди бүгүн, 1-мартта, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест агай, президент элге кайрылып айрым маселелерге токтолду. Олуттуу ойлорун айта алдыбы?

- Президенттин бүгүнкү кайрылуусу олутту, өз убагында болду. Элге баардыгын ачык айкын айтты. Жогоруда айтып кеткендей, өлкөбүз, бардык мамлекеттердин арасында, чоң узак боло турган кризиске туш келдик.

Мурдатан бери айтып келген либералдык (биздин экономика 30 жылдан бери ушул системадабыз), Бреттон Вуд, банк экономикалык система киреше бербей структуралык кризиске такалган.

Кризис долларизации дешет атактуу экономисттер. Дүйнө жүзү ири 4-5 валюта зоналарга бөлүнгөнү турат (1945 жылы Ялтада Сталин, Черчиль, Рузвельт бөлгөндөй), Кыргызстан дагы ошол валюта зоналардын бирине киребиз. Бул процесс созулушу мүмкүн. Ошон үчүн биз өзүбүздүн экономикалык өндүрүш контурун түзүшүбүз керек.

Импортту алмаштыруу (импортозамещение), азык-түүлүк коопсуздугубузду бекемдеп, фермерлерге жардам берилип жатат деп Садыр Жапаров айтты. Ошондой эле “алтын сатып алып болгон каражатыңарды сактап калгыла”- деди. Ажо туура айтты.

Чынында алтын – эч кандай инфляцияга жана кандай болбосун кризиске алдырбай баасын сактайт. Ошон үчүн ушул демилгесин колдойм. Мен ушул жерге мамлекеттик ири ишканаларды улутташтырыш керек деп сунуш  берер элем. Энергетика, байланыш жана башкаларды. Мисалы, энергетиканы улутташтырып, ортомчуларды жоюп (президент бир жыл мурун тапшырма берген, эмгиче жоюлган жок), кирешелүү кылып (100 млн.доллардын тегерегинде), баалап мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарып, 3 жылдын ичинде 2,5 млрд долларга көтөрсө болот. Бир эле тармакта.

Структуралык кризисте өкмөткө чоң көмөк болмок, жарандарга кирешелүү тармак ачылмак. Президентибиз системалык кадамдар менен, кризисти жеңилдетүү боюнча чоң аракеттерди жасап атат. Баарыбыз биригип, ишеним көрсөтүп колдойлу. Өнүгүүгө башка жол жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости