www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Украинага 18 миллиард евро каржылык жардам пакетинин 1,5 миллиард евролук акыркы бөлүгүн берди.  

Европа Биримдиги Комисиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Украинага бериле турган жардамга байланыштуу Х социалдык медиа эсебинен берген маалыматында 2023 - жылды камтыган  18 миллиард евролук каржылык жардамдын акыркы  1,5 миллиард евролук бөлүгүнүн да берилгендигин жарыялады. 

"Калыбына келүү, кайрадан куруу жана реформа" үчүн Украинага керектүү жардамды берүүнү улантууда бир келишимдин болушу керектигин белгилеген Ляйен : "Коңшубуз, досубуз жана мүчөлүк каалаган Украинанын жанындабыз",- деди. 

Венгрия Бельгиянын борбор шаары Брюсселде 14 - 15 - декабрда өткөрүлгөн Европа Биримдиги  лидерлеринин саммитинде Европа Биримдигинин Украинага 50 миллиард евролук жаңы каржылык жардам пакетине вето койгон.

Венгрия Украинанын Европа Биримдигине  мүчөлүгүнө байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн башталышын четке какты жана бул маселе боюнча чечим Европа Биримдиги саммитинде Венгриянын премьер - министри Виктор Орбандын Германиянын канцлери Олаф Шольц тарабынан кофе ичүү үчүн залдан чыгаруу менен кабыл алынган. 

Европа Биримдиги лидерлери келерки жылдын 1 - февралында өткөрө турган кезексиз саммитинде Украинага 50 миллиард евролук каржылык жардам берүү маселеси кайрадан каралаары күтүлүүдө. Орбан бул процессте көндүрүлө албаса добуш биримдиги керек болбогон башка  бир формулалардын да каралышы мүмкүн экени белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости