www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала Кыргызстанга болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар алдыда боло турган аймактык иш-чаралардын графигин, 2021-2027-жылдарга көп жылдык индикативдүү программанын алкагында бюджеттик колдоонун артыкчылыктарын, ошондой эле 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги — Борбор Азия биринчи экономикалык форумун уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Андан тышкары Ооганстандагы кырдаал боюнча пикир алмашып, тынчтыкты сактоо жана зомбулуктун алдын алуу боюнча жалпы кызыкдарлыгын белгилешти. Тараптар Европа Биримдигинин бул багыттагы ыкмаларын жана андан аркы пландарын, ошондой эле ооган калкына, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Терхи Хакала Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстандын Президент Садыр Жапаровго даректелген эгемендиктин 30 жылдыгына карата куттуктоосун жана Брюсселге чакыруусун тапшырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости