www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ 11-сентябрдагы окуя боюнча иликтөөсүн жарыялады

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) 2001-жылы 11-сентябрдагы окуяга байланыштуу жашыруун документтин бир бөлүгүн ачыкка чыгарды. Анда учактарды барымтага алган жанкечтилер АКШда жашаган мекендештери менен байланышып, материалдык-техникалык жардам алганы жазылган. Ошол эле учурда Сауд Арабиясынын аткаминерлери террактка тиешеси бардыгы тууралуу далилдер жок. 16 беттен турган документте ФБРдин жанкечтилер менен байланышта болгон адамдарды билген киши менен маеги камтылган.

АКШ президенти Жо Байден өткөн жумада бул документтерди ачыкка чыгарууга буйрук берген. Мурдараак террактта курман болгондордун үй-бүлөлөрү 11-сентябрдагы окуяга Сауд Арабиясынын расмийлери кийлигишкен деген маалыматтарга далил издеп, Эр-Рияддан кенемте талап кылышкан.

Сауд Арабиянын өкмөтү окуяга тиешеси бардыгын четке кагып, документтерди ачыкка чыгарууну колдой турганын билдирген.

2016-жылы жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы беш жылдан кийин ачыкка чыкты. 16 беттен турган документ, ишембиде президент Байден 11-сентябрдын курмандыктарын эскерүү чараларына катышкандан кийин жарыяланды.

Редакцияланган документте күбөлөрдүн ФБР Сауд Арабиянын чалгын кызматынын агенти деп шек санаган адам эки жанкечтиге жардам бергени тууралуу көрсөтмөлөрү жазылган.

Кандуу окуяны иликтеген комиссия Сауд Арабиясынын өкмөтү, бийликте отургандар чабуулга тиешеси жок деген чечим чыгарган. Баяндамада Саудия менен байланышы бар айрым уюмдар террорчуларга акчалай жардам бергени жазылган.

2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу кандуу террор үч миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен. Быйылкы апааттын курмандыктары быйыл эскерүү иш-чарасына президент Джо Байден баш болгон бийлик адамдары, мурдагы жетекчилер катышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости