www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчисинин орун басары Бакыт Карапашов бизнесменден 200 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганы коомчулукта бир топ талкуу жараткан.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр ишкердин ишенимине кирип, андан ири суммадагы акча талап кылганы айтылган. Аталган факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, кийин кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, материалдар сотко өткөрүлгөнү маалым болгон.
Демек, эми иштин кийинки тагдыры соттун колунда. Башкача айтканда, сот тараптар келтирген далилдерди, көрсөтмөлөрдү жана иштин бардык жагдайларын карап чыгып, аларга мыйзам чегинде укуктук баа берүүгө тийиш.
Бирок иш боюнча соттук процесс жүрүп жатканы менен, анын создугуп, аягы бүдөмүк болуп жатканы коомчулукта бир катар суроолорду жаратууда. Мындай көрүнүш, өз кезегинде, иштин айланасында ар кандай күмөн саноолордун пайда болушуна жол ачат.
Айрыкча коомчулук үчүн маанилүү болгон мындай иштерде сот жараянынын мыйзам талаптарына ылайык, калыс жана мүмкүн болушунча ачык өтүшү маанилүү. Себеби сөз бир гана конкреттүү адамдардын тагдыры жөнүндө эмес, мыйзамдын үстөмдүгү жана мамлекеттик институттарга болгон коомдук ишеним жөнүндө да болуп жатат.
Ошол эле учурда, укуктук мамлекеттин негизги принциптеринин бири — күнөөсүздүк презумпциясы. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү чыкканга чейин эч кимди күнөөлүү деп айтууга болбойт. Демек, Бакыт Карапашовго коюлган шек да сот тарабынан далилдердин негизинде гана аныкталышы керек.
Бирок дал ушул себептен улам иштин создугушу эмес, тескерисинче, ага мыйзам чегинде так жана акыркы укуктук баа берилиши коомчулук үчүн маанилүү.
Эгер тергөөнүн версиясы сотто далилденсе, анда күнөөлүүлөр мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылышы керек. Эгер коюлган айыптарды ырастаган жетиштүү далилдер жок болсо, анда сот аны да ачык айтып, тиешелүү чечим чыгарууга тийиш.
Аягы барып, “Кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” болуп, шектүүлөр “жабырлануучуга” айланып, акталып кетүү аракети жүрүп жаткан жокпу деген суроо коомчулуктун көңүлүн бурууда.
Албетте, бул суроого азырынча так жооп берүү мүмкүн эмес. Аны соттун мыйзамдуу чечими гана көрсөтөт. Бирок коомчулук бул иштин кандайдыр бир себептерден улам көз жаздымда калып кетишин эмес, бардык жагдайларына укуктук баа берилип, акырында мыйзамдуу чекит коюлушун күтүүгө толук укуктуу.
Айтор, “мыйзам буйлаланган төөгө” айланып, иш создугуп кетпесе болгону.
Эми негизги суроо — бул иш боюнча сот кандай чечим чыгарат жана коомчулук көптөн бери күтүп жаткан чекит качан коюлат?