www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун губернатору Аманкан Кенжебаевдин ишмердигине ичи чыкпагандар көп. Жакында президенттик шайлоо өтөт. Мына ушул маанилүү шайлоо өнөктүгүн уюштуруу маселесин ойдогудай ишке ашыра алабы чоң суроо?
Жергиликтүү деңгээлдеги башкарууда жетекчинин уюштуруучулук жөндөмү, эл менен иштешүүсү жана кол алдындагы кызматкерлерди бир багытка мобилизациялай алышы маанилүү болуп саналат. Ушул жагынан Кенжебаевдин дарамети жетиштүүбү? Күмөнсүнгөндөр арбын.
Албетте, шайлоону өткөрүү түздөн-түз губернатордун гана милдети эмес. Бирок аймактагы туруктуулук, уюшкандык жана мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсү жергиликтүү жетекчинин жоопкерчилиги менен да байланыштуу.
Ошондуктан коомчулук Кенжебаевдин шайлоо өнөктүгүн талаптагыдай уюштуруп, элдин ишенимин актай алаарынан анчейин ишене албай кооптонуп турушат. Сыягы, “эт эме же чел эмес” ымтырагандарга ишеним артуу кыйын окшойт.