www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Анын жүрүшүндө баңгизатка байланыштуу кылмышка шектелген 1983-жылы туулган А.Д. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө учурунда шектүү иштин жагдайларын өз пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 8 миң доллар пара сунуштаганы маалымдалды.

Кийин ал Ош шаарындагы милициянын имаратында кызматкерлерге 650 миң сом берип жаткан жеринен кармалган.

Окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын бардык жагдайлары аныкталууда. Иш ИИМдин Ички иликтөө кызматы, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн.

Последние новости