www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Тажикстандын Улуттук гвардиясына өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн алты учкучсуз учуучу аппаратты (дронду) өткөрүп берди. Бул тууралуу АКШнын Душанбедеги элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул учкучсуз аппараттардын жалпы баасы 2,3 миллион долларды түзөт. Аппараттар Улуттук гвардияга терроризмге каршы операциялардын алкагында үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Билдирүүдө ошондой эле америкалык ишкер чөйрөлөр Тажикстанга учкучсуз авиациялык системаларды пайдаланууга жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү үчүн тиешелүү продукцияларды жана кызматтарды сунуштоого даяр экени белгиленген.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 1992-жылдан бери АКШ Тажикстанга коопсуздук тармагында 600 миллион доллардан ашуун жардам көрсөткөн.