www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын Куралдуу күчтөрү жаңы өзөктүк ракетаны сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу AFP агенттиги Елисей сарайына жана Франциянын Куралдуу күчтөр министрлигине шилтеме берүү менен маалымдады.

Маалыматка ылайык, сыноо учурунда ракета өзөктүк дүрмөтсүз түрдө суу алдындагы кайыктан учурулган.

Сыноого Франциянын президенти Эммануэль Макрон да катышкан. Ал ракета учурулушун Франциянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн фрегатынын бортунан байкап турган.

AFP агенттигинин маалыматына ылайык, сөз стратегиялык деңиз базасындагы M51 баллистикалык ракетасынын үчүнчү версиясы тууралуу болуп жатат. Өзөктүк согуштук бөлүк менен жабдылбаган ракета Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнө, жээктен бир нече жүз чакырым алыстыкка түшкөн.

Последние новости