www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Өзбекстанга баргысы келерин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Өзбекстанга барууну пландап жатат. Бул тууралуу АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли «Өзбекстан 24» телеканалынын «Тахлилнома» программасына берген маегинде билдирди.

Замполлинин айтымында, Трамп ага Өзбекстанга барууну каалап жатканын жеке өзү айткан.

«Анын Өзбекстанга баргысы келгенин билем. Президенттин графиги абдан тыгыз. Бирок ал мага Өзбекстанга баруу ниети бар экенин айткан», — деди АКШ президентинин атайын өкүлү.

Замполли мүмкүн болуучу сапарды уюштуруу боюнча иш алып барып жатканын айтып, визит жакын арада ишке ашат деген үмүтүн билдирди. Ошол эле учурда сапардын так мөөнөтү азырынча айтыла элек.

Буга чейин, 7-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын лидери АКШ президентин Өзбекстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган.

Последние новости