www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фарид Ниязов Форумдан кетеби?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштары Икрамжан Илмиянов, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов сыяктуулар коррупциялык иштерге шектелип камакта жатат. 6 жыл бою АШАнын кланын бекемдеп, экс-президентке арка-бел болуп берген бул фигуралар учурда колдоого аябай муктаж.

Бирок, Атамбаев аларды ачык эле колдоодон баш тартып, башка ишенимдүү адамдарды жанына тартып жатыптыр. Буга Нурбек Касымбеков, Темирлан Султанбеков сыяктуулардын АШАнын жанынан чыкпай калганы далил боло алат. Ал эми түрмөдө жаткан “шайкалар” болсо АШАга ачуусу келип, кыйын учурда сатып кетти деп каарданып турат дейт. 

Атамбаев мамлекеттик батирлерди жакындарына мыйзамсыз таратып жиберген жансакчысы Дамир Мусакеевге да жеткиликтүү көңүл бурбай, “камалсаң кийин чыгарып алабыз” таризинде сата баштаптыр. Мындай көрүнүшкө күбө болгон Форумдун башкы идеологу Фарид Ниязовдун төбө чачы тик туруп, өзүнө кылмыш иши козголсо да кароосуз каларын сезип, АШАдан алыстоо амалын издей баштаганы жалганбы? Далай рейдерлик басып алуулардын башында турган Ниязов коркпогондо ким коркмок эле?

Бизге жеткен маалыматтарга караганда Фарид Ниязов учурда Форумдагы оокаттарын тымызын үйүнө ташып жатат. Максаты тынч эле оокат кылып, чыгармачылык менен алектенүү өңдөнөт. Жакынкы күндөрү расмий кайрылуу менен чыгып калышы да ыктымал. Күтө туралычы.

Булак: "Инсайдер - KG - КР"

Последние новости