www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Тоо-кен тармагындагы компаниялар үчүн салык жүгүнүн жогорулатылышы бул жааттагы ишкерлердин нааразычылыгын жаратууда. Сиздин оюңуз кандай?
- Баарын эле көбөйтүш керек деген болбойт. Кен байлыктарды караш керек, “жогорку кирешелүү” деп коет, ошондойлорго гана салыкты жогорулатса болот. Жаңыдан түптөлүп, ишин баштап жаткандар бар. Кээ бири алтын өндүрүп, киреше ала баштагандар. Айырмасы болот да. Төрт-беш жыл иштеп, кен тармакта туруктуу болуп калган компаниялар насыяларын төлөп, каржы булагы жакшырып калат, мына ошолор менен кошумча келишим түзүп, салыкты жогорулатууну караса болушу мүмкүн. Көмүр шахтылары илгертен эле мамлекеттен жардам алып, дотациялык болуп келген. Азыр карасак, кээ бир чоң делген көмүр казуучу ишканалар үстүнөн иштеп жатса деле жогорку кирешелүү катары эсептелинип калууда. Кирешенин нормасы башка кен байлыкка караганда алардыкы аз болот. Кыскасын айтканда, кен казуунун баары окшош болбойт. Ошондуктан, кайсынысына кайсы салыкты коюш керек – караш керек. Анан жалпы эле кен казуу иштерине мынча салык деген туура болбойт. Монголиянын бул жаатта тажрыйбасы мыкты. Ишканаларга он жылдын ичинде кандай салык салышкан, андан кийин канчага жогорулатышкан, мамлекеттик үлүш деген бар, аны кандай пайдаланышкан, улутташтыруу – деги бардык жаатынан тажрыйбалары кенен. Он жыл мурун булар тоо-кен тармагынан бюджетине жакшы каражат туүрүшкөн, азыр андай болбой оор акыбалга кептелишти. Алардын тажрыйбасын карап, кайсы жеринен ката кетиришти, кайсы жеринен туура жасашты – биз да байкаштыралы деп аларды чакырып, анан биз да барып келсекпи деген пландарыбыз бар.
- Тоо-кен жаатындагы ишканалардын иши кандай жүрөт? Дароо эле кирешеге чыга алышпайбы?
- Биринчи жөн гана изилдөө иштери болот, ага эки же үч жыл кетиши да мүмкүн. Геологдор басып жүрүп, балкасын алып, мындай породалар бар экен деп, байкаштырышат. Андан кийин тешип, проба алып көрөт, мында да өзүнчө лицензия алышат. Бул экинчи этабы. Пробаны лабораторияга алып барып текшеришет, ошондо ал жерде канча кен байлыгы бар экени белгилүү болот. Андан кийин гана долбоор түзүп, кен казуу жайын курат, бул дагы эки- үч, ал турмак төрт жылга созулат. Каржы моделди түзүп, канча каражат кетет, кадр маселеси – буларды техникалык долбоор деп коет. Андан башка да экологияны, сууну, абаны изилдешет, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Айтор, убаракерчилиги толтура. Андан кийин гана жардыруу иштери башталат. Химия металлургия болуп калса, ховостохранилище курулат. Баарын эсептеп келген өздүк наркы бир топ жогорулайт. Бул ишти баштаган компаниялар жок деген 4-5 миллиард сом керектешет. Көбүнчө компаниялар банктардан кредит алышат, аларда бош акчалар болбойт. Насыя алыш үчүн долбоор түзүп, экспертизадан өткөрүүлөү керек. Аны банк аудиттери текшерип, андан кийин гана насыя беришет.
Булак: “Майдан. kg"