www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФИФА кош бойлуу футболчуларга кам көрөт

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) кош бойлуу футболчуларга кам көрүүнү чечти. 

Уюм клубдарга аял оюнчулардын энелик укуктарын коргой турган талаптардын тизмесин сунуштады. Командалар спортчуларды кеминде 14 жумалык кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү менен камсыз кылууну милдеттендирүүнү каалашат, ал футболчунун кадимки эмгек акысынын үчтөн экиси өлчөмүндө төлөнүшү керек.

Мындан тышкары, клуб жаш эненин спортко кайтып келиши үчүн шарт түзүп, ага медициналык жардам көрсөтүшү зарыл.  

ФИФА жаңы эреже аялдар футболун кесипкөйлөштүрүүгө жана оюнчулардын үй-бүлөлүк жашоосун сыйлоого багытталган маанилүү кадам катары бааланарын белгиледи. Жаңычылдыктар уюмдун кеңеши тарабынан декабрь айында кабыл алынып, 2021-жылдын 1-январында күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости