www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана коммерция министрлиги Fitch агенттигинин насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан “туруктуу” деңгээлде деп бааланып, алгачкы жолу “B” категориясы ыйгарылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Fitch 2022–2024-жылдары Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) жылына орточо 9% деңгээлинде өсүп турганын көрсөтүп, энергетика жана тоо-кен тармагына инвестициялардын көбөйгөнүн белгилеген.
Moody’s агенттигинин эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 2024-жылы “тобокел” абалдан “туруктуу” деңгээлге чыккан.
Өлкөнүн рейтинги канчалык жогору болсо, ага ишеним ошончо чоң болот. Дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген насыялык агенттиктер - Moody’s, Fitch жана Standard & Poor's компаниялары.
Бул агенттиктердин рейтинги инвесторлор үчүн да баалуу маалымат болуп эсептелет. Андан тышкары карыз алууда пайыздык чендерге таасир берет.