www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жекшембиде Белоруссияда парламенттик шайлоо өтпөдүбү. Мына ошол добуш берүү маалында “Батька” баягы белгилүү “на хрен нам такой союз?” – деген атактуу сөзүн айтып жатпайбы.
Бирок, азыр кеп ал тууралуу эмес. Башкада. Мына ошол өткөн парламенттик шайлоодо 22 жаштагы "Мисс Беларусь — 2018" конкурсунун жеңүүчүсү Мария Васильевич парламентке депутат болуп шайланып отурат. Жаш кыз жалпы 11 583 адамдын колдоосуна ээ болгон. Эми ал парламенттин төмөнкү палатасынын эң жаш эл өкүлү болмокчу.
Бирок, андан дагы кызыгы алдыда. Мария Васильевич айрым маалыматтар боюнча өлкө президенти Александр Лукашенконун “жүрөгүнүн ээси” деп жүрүшөт. Мисалы, ал "Мисс Беларусь — 2018" конкурсун жеңгенден кийин коомчулук Александр Лукашенко менен Мария Васильевичти публикада далай ирет бирге көргөн. Айтсак, экөө биргелешип бакчада отун жарып, араалаган, Европа оюндарынын алкагында уюштурулган иш чараларга чогуу барган. Андан сырткары, Лукашенко жолугушуулардын биринде Васиьевичке колхозду жетектөөнү сунуш кылгандыгы айтылат.
Булак: NazarNews.kg