www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда коомдук транспортто бараткан элдин баары жалаң кол телефон менен алек болушкандыгы баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Ал эми тепефондун зыяны тууралуу баяндасак өзүнчө эле гезиттин бир бетин ээлечүдөй. Андыктан биз бүгүн телефондогу оюндун кесепетинен психикалык жактан жабыр тартып, ден-соолугунан ажырай баштаган Тыныбек мырзанын төмөндөгүдөй баянын жарыяламакчыбыз. - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити. 

- Менин бул баянымды окугандар алгач "кантип эле?" деп таң калышы мүмкүн. Бирок алар дагы мага окшоп телефондогу оюндарга азгырылып кетсе эртели-кеч психологиясы бузулгандан тышкары, ар кандай ооруларга кабыла турганын алдын ала эскерте кетмекчимин. Чынын айтсам өзүм чоң эле киши болгонума карабай жаш балдарга окшоп телефондогу оюндар менен алек болгонума бир топ убакыт болуп калды. "Снайпор" деген оюндун кесепетинен кадимкидей психикама доо кеткенин эми билип жатам. Анткени түн бир оокумга чейин уйкудан калгандыктан эрте тура албай ишимден кечикчү элем. Башым ооруп ачуулуу адамга айлана баштадым. Көзүм да жакшы көрбөй баратат. Үйдөн болсо аялымды жактырбай көп урушчу болдум. Бир күнү менин мындай адатымдан тажаган аялым: -   Сени   молдого  окутуш   керек... Сага жин кирген окшойт!-деди кыйкырып. Мындай сөздү укканда токтоно албай: - Молдоңду урайын!..

Сен өзүң жинди Айшасың!-деп ызырынып ордумдан   туруп   тап   бергенде сыртка качып чыкты. Качан гана ачуум тараганда үйгө кирди. Анан экөөбүз маңдай-тескей олтуруп шашпай чай ичтик. Ошондо ал менин уктап жатканда кантип жөөлүгөнүмдү айта баштады: -  Түндө коркунучтуу түш көрдүң окшойт. Колдоруңду мылтык кармагансып кыймылдатып: -  Жардам бергиле! Карышкыр келатат!-деп    бакырып    жибердиң-дегенде күлкүм келип: -  Каяктагы жомокту айтпачы. Мен анткен жокмун-дедим эмнегедир мойнума албай. -  "Снайпер" деген оюн менен алек болуп жатканыңда эмнеге эле мага кыжырың келе берет?-деди ачыгын сурап. -  Анткени оюндун кызуусуна киргенде сен кычап тоскоолдук кылып жатпайсыңбы-дедим  түзүгүрөөк жооп бере албай. Андан соң аялыма түнкүсүн телефон кармабаганга убада бердим.

Ойлоп көрсөм жинди адамдан айырмам жок болуп баратыптыр. Кээде үйдөн оңой эле табыла турган буюмду убакыт коротуп издей берем. Ал тургай жасап аткан жумушумду токтотуп нес болгон адамдай бир чекитти тиктеп бир топ убакытка чейин ойлонуп туруп калам. Андай учурда эмнени ойлоп жатканымды өзүм деле билбейм. Бир жолу: -   Эмне  дейсиң?   Кайра   айтсаң?-десем аялым каткырып: -  Мен сага сүйлөгөн жокмун-десе болобу. Көрсө кулагыма ал сүйлөгөндөй угулган экен да. Ошентип, көзүмдүн көрүүсү мурдагыдан начарлап, кулагым жакшы укпай, башым ооруганынан ден-соолукка зыян келтирген оюндар менен алек болбой калдым. Бирок , түнкүсүн уйкум тынч болбой калды. Буга чейин "бар, башымды оорутпай өзүнчө жатчы" деп аялымды кубаласам, азыр болсо ансыз төшөккө жалгыз жаткандан коркчу болдум. Менин баштагыдан өзгөрүп оорукчан адамга айланып баратканыма зээни кейиген аялым: -   Өткөндө  сенин  кыйкырганыңдан улам сурабай калыптырмын.

Баса, жинди Айша дегениң ким эле?-деди такып сурап. А мен ага бала кезимде кошуна айылдагы Айша деген аял жин оору менен ооругандыктан эл аны "Жинди Айша" деп аташканын бирөөлөрдөн укканымды айтып бердим. Аялым "сен мени ошого теңедиңби?" деп бир аз таарынды. Ал го ал... Эми өзүм кайдагы бир оюндун айынан же соо эмес, же жинди эмес адам болуп калдым окшойм. Дегеним, жакында атайын психологго барып көрүнгөнү жатам. Бул тамаша эмес... Андыктан башкаларга айтарым , азыртадан баштап балдарыңарга телефон менен көбүрөөк ойногонго тыюу салгыла. Өзүңөр дагы ага көп азгырылбагыла. Балким, менин бул баяным башкаларга сабак болуп калгысы бардыр...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости