www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-24-ноябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат, маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак, кээ бир райондордо кар күрткүсү пайда болот.

21-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25 гардус болот. 21-ноябрда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 1…3° градус болот.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости