www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын мурдагы кызматкери, юрист Икрамидин Айткулов vesti.kg сайтына маек куруп, УКМКдан 200 миң доллар жоголгондугу тууралуу маалыматты ведомство кылдаттык менен жашырып жаткандыгын айтыптыр. Себеби, андай чоң кылмыш үчүн УКМКнын бардык жетекчилери жоопкерчиликке тартылат – дейт ал.

- Кылмыш иши боюнча сотто далил буюм катары 200 миң доллар көрсөтүлбөгөндүгү ал акчаны колдонуп салышкандыгынан кабар берет. Качан адамды “пара алуу” беренеси менен кармаганда бардык купюралардын номурлары алынат. Себеби сотто дал ушул акчалар “пара алууда” колдонулгандыгын аныкташ үчүн далил буюмдар катары өтөт. Азыр ал акчалардын номурларын текшерип көрүшсүн, эмнеге болбойт экен? Акчалар колдонулуп кеткендиги бул – факт! Бул иш ачыкка чыккандан кийин аны кайра ордуна алып келип коюшса керек. Бирок башка номурлуу купюралар далил буюм катары эсептелбейт - дейт Айткулов  

Ошол эле учурда Айткуловдун айтымында, айрым такталбаган маалыматтар боюнча УКМКнын кызматкери сейфтен уурдап кеткен акчаларды казинолордун бирине барып, уттуруп салгандыгын кошумчалаган.

- Бул боюнча ишенимдүү булактардан маалымат бар. Азыр УКМК бул абалды атайылап кимдир бирөө өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат – деп жатат. Бул чектен ашкандык. Кантип мындай кыңыр ишти унчукпай отурууга болот? Мындан ары мамлекеттик органдарга ким ишенет? Бул жерде кылмыш иши козголушу керек болчу. Азыр Башкы прокуратура бул жагдайга милдеттүү түрдө көңүл буруусу зарыл. Өзүнүн тергөө жумуштарын жүргүзүшү абзел.

Кийинчерээк, УКМКнын басма-сөз кызматы бул маалыматты четке кагып, аталган акчалар мамлекеттин эсебине которулгандыгын билдирген. Ведомстводон УКМКнын жетекчилигин дискредитациялоо максатында бул иш атайын козголуп, туура эмес маалыматтар таркатылып жаткандыгы кошумчаланган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости