www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин чок ортосунда, Ак үйдүн жанында белгисиз адам милиция кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-ноябрда саат 12:00 чамасында Логвиненко көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Кылмышка шектелип кармалган бул адам Бишкектин Ала-Тоо аянтында жанынан өтүп бара жаткан адамдарга бычак менен кол салып жаткан.

Берилген видеодо белгисиз адамды кармоого милиция кызматкерлерине жөнөкөй жарандар жардам берип жатканын көрсө болот. Ал бычакчан адамды жерге жыгытып, аны колго түшүрүү учурунда бычактан жаракат алган. Бычакчан адам өзүн кармаган адамга бычак менен тап берип, суурулуп чыгып качып жөнөгөн. Аркасынан аталган жаран менен патрулдук милиция кубалап отуруп Чүй проспетисинин так ортосунан кармашкан. Кармоо операциясында жаракат алган жаранды “Тез жардам” унаасы алып кеткен. 

Окуя боюнча Бишкек ШИИББи малымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости