www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында ушул жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин бүгүн, 26-декабрда ишин жанданткан «KAZ Minerals Бозымчак» кенинде болду. 

«Акыркы эки айдын аралыгында Өкмөт компаниянын жетекчилиги жана жергиликтүү эл менен консультацияларды жүргүздү. Ишкананын бүгүнкү ачылышы - бул биз айтып келген инвесторлордун ишеничин калыбына келтирүү жаатындагы маанилүү окуя. Бул инвестициялык климатты камсыз кылуу көз карашынан алганда дагы маанилүү.

Ишкананын иштебей токтоп калуусунан улам бардык жагынан жоготуу болду, мисалы, бюджетке салык төгүлбөй, 1000ге жакын адам жумушсуз калган. Эми биздин жарандар жумушуна кайтып келишти, социалдык төлөмдөр жана бюджетке чегерүүлөр жүргүзүлөт», - деди Өкмөт башчынын м.а. 

Ал экономикалык кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү жана ишкана менен жергиликтүү калктын өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде жергиликтүү өндүрүштөгү товарларды алуу боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады. 

«Мындан тышкары биз ишкананын аймагында керектелүүчү продукцияны өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү мүмкүнчүлүгүн талкууладык жана ишкананын ата мекендик продукцияны колдонуусуна өзгөчө басым жасалат. 

Бул азык-түлүккө гана эмес, экономикада мультипликативдик эффект түзө турган өнөр жай ишканаларынын продукцияларына да тиешелүү», - деп белгиледи.

Ошол эле учурда Артем Новиков «KAZ Minerals Бозымчак» кенинин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеке жоопкерчиликти жүктөп, маалыматтык-түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Артем Новиков ошондой эле кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптарды сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурду.

«Өкмөттүн бул маселе боюнча так позициясы бар, өндүрүш процессинде айлана-чөйрөгө тийгизген таасири минималдуу болушу керек. Бардык калдыктар ишкана үчүн белгиленген экологиялык стандарттардан ашпашы керек. Бул үчүн мамлекеттик органдар каллыктын көлөмүн ар дайым талдап турушат.

Ишкананын республиканын экономикасына кошкон салымы чоң, биз анын айрыкча ковидден кийинки мезгилде токтоп калышына жол бере албайбыз. Эл жумуш орундары менен камсыз болушу зарыл. Өкмөт жергиликтүү калктын дагы, компаниянын дагы кызыкчылыгын бирдей коргойт», - деп Премьер-министрдин м.а. сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости