www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калкты кыш мезгилинде электр энергиясы менен толук кандуу камсыздоо маанилүү. Биз тургундардын электр энергиясыз калуусуна жол бербешибиз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков энергетикалык тутумдун үзгүлтүксүз ишин талкуулоо боюнча кезексиз кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Күз-кыш мезгили кыйынчылык менен өтүүдө. Электр энергиясын керектөө жогорулады, бул энергитикалык тутумдагы аварияларга алып келүүсү ыктымал. Тийиштүү чараларды кабыл алуу жана калк арасында электрди үнөмдөө маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүү маанилүү.  Керектөө көлөмүн кыскартуу зарыл. Биз энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү тууралуу бир нече ирет айтканбыз. Бирок өткөн жылдары бул маселеге жетиштүү көңүл бурулган эмес. Учурда чыныгы абалды жана окуялардын негативдүү өнүгүүсүнө карай даярдык кандай экендигин баалоо керек, ошол эле учурда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо чараларын кабыл алуу зарыл», - деди Артем Новиков.

Аба-ырайына байланыштуу күн сайын белгиленген лимиттен чыгуу орун алууда. Акыркы күндө эле план боюнча 49,8 млн кВт саат каралган болсо, иш жүзүндөгү керектөө 58 млн кВт саатты түздү. 

«Менин маалыматым боюнча, ири шаарларга чоң жүктөмдөр туура келүүдө. Бизде кубаттуулук боюнча резервдер бар жана аларды ишке киргизүү керек. Алсак, Бишкек шаардык жаңы ЖЭБ толук кандуу иштебей турат. Электрди жана жылуулукту иштеп чыгуунун жетиштүү көлөмүн камсыздоо үчүн экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүгө мезгил келип жетти деп эсептейм. Ал үчүн кошумча финансы чыгымдары керектелет, бирок жарандарга мындай суукта ыңгайсыздык жаралбашаы керек. Мезгилдүү өчүрүүлөр болбошу керек. Буга катар калк арасында электр энергиясын рационалдуу чыгымдоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү ишин улантуубуз керек», - деп белгиледи Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артем Новиков «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын өкүлдөрүнө Бишкек шаарындагы конуштарды газдаштыруу боюнча иштерди тездетүүнү сунуш кылды, компаниянын бул багыттагы жумуштарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колдоо көрсөтөт. 

Премьер-министрдин м.а. дароо катуу суук болгондо электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган «Ак-Жар» конушунун жакынкы аралыкта электр жарыгы менен камсыздоону турукташтыруу үчүн кошумча линиялар курулушу башталаарын билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине «Улуттук электр холдинг компаниясы» ААК менен биргеликте бөлүштүрүүчү компанияларда электр энергиясынын лимитинин жогорулатылышына жол бербөө боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу, Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле электр тармактарына жана элктр жабдууларына карай жүктөмдөрдү мониторингдөө боюнча ишти көзөмөлгө алууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости