www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында кеңешме өткөрдү, ага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаарлардын мэрлери, райондордун жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

 

Кеңешменин жүрүшүндө облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу 4 маанилүү багытка: коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал, кышкы жылытуу мезгили, азык-түлүк коопсуздугу жана социалдык маанилүү азык-түлүктөргө карата баалардын деңгээли маселесине, ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык абалы, туризм жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү маселелерине басым жасады.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу аймактагы тамак-аш азыктарынын негизги түрүнө карай бааларды турукташтыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул пандемия учурундагы калктын киреше деңгээли төмөндөгөн учурда өзгөчө маанилүү. Биз күндө керектелүүчү товарларды импорттоочулардан жана продукция өндүрүүчүлөрдөн түз ташууну камсыздоого даярбыз. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте продукцияны ташып келүү механизмин жана графигин иштеп чыгуу тапшырылды», - деди ал.

Артем Новиков жергиликтүү бийлик органдары тарабынан облустун өнөр-жай потенциалын өнүктүрүү үчүн тийиштүү инфраструктурага ээ болгон объектилерди инвентаризациялоону жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Ысык-Көл облусундагы бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдыруу мисалында биз инвесторлор өз көйгөйлөрү менен мамлекеттин тийиштүү колдоосу жок калганына күбө болдук. Алар өз өндүрүшүн кеңейте албайт, анткени жер тилкелерин бөлүү маселеси чечилбей келет. Бизнестин өнүгүүсү үчүн аянтчалар жетишпейт. Объектилердин жана жер тилкелеринин инвентаризациясын өткөрүү, алардын түзүмүн түзүп, инвестициялык долбоорлорго сунуштоо зарыл деп эсептейм. Инвесторлор жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосуна жана көмөк көрсөтүүсүнө муктаж», - деди ал.

Новиков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине эт жана сүт багытындагы мал чарбасын, ошондой эле кластердик ыкма боюнча багбанчылыкты өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Бардык кластердик чынжырлар боюнча каржылоонун жеңилдетилген шарттары менен камсыз кылынат жана мамлекет тарабынан, анын ичинде продукцияны экспорттоону жүзөгө ашырууда керектүү колдоо көрсөтүлөт», - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана туристтик жайларда коопсуздукту камсыз кылуу, социалдык милдеттенмелерди толугу менен аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Артем Новиков жумушчу сапарынын алкагында Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы жаңы форматтагы калкты тейлөө борборунда болду.

Жакында капиталдык оңдоодон өткөн калкты тейлөө борбору спорт сарайынын имаратында жайгашкан.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине борбордун расмий ачылышын күтпөстөн, анын толук кандуу иштешин камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Мекемеде элге жакшы шарттарды түзүү үчүн калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү каттоо бөлүмүнүн кызматкери, ошондой эле документтерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон кызматтар жайгаштырылат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости