www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Анда облус башчысы «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасынын эски алтын ыргалоочу фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин жеринен көрүп чыкты.

Облус башчысы жагдай боюнча тараптар менен жер-жерлерде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азыркы учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын билдирди.

«Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулду. Окуянын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар сөзсүз түрдө мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Абалдан чыгуу үчүн тургундардын сабырдуулугу керек. Такталбаган маалыматтардан оолак болуп, мыйзамдан сырт көрүнүштөргө барбоого чакырам. Жашоочулардын ден соолугу биз үчүн да маанилүү», - деди А. Сыргабаев.

Айыл тургундарынын кен иштеткен компанияга болгон бир катар нааразычылыктары айтылып, муктаждыкты жоюуда үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришти.

Өкүл бул маселени чечүүгө ишкана толук жоопкерчилик алаарын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости