www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ЖЭБ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди. Долбоор боюнча негизги отун катары экологиялык таза отунду — жаратылыш газын колдонуу пландалган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объекттин курулушу токтоп, 47 гектар аянттагы ЖЭБ-2нин санитардык зонасына акырындык менен жеке турак үйлөр курулуп кеткен.

«ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандыруу, 2-5 жылдын ичинде куруп бүткөрүү менен анын кубаттуулугун 460 МВтка жеткирүү сунушталып жатканы белгиленди. Келечекте кошумча кубаттуулук Бишкек шаарынын тынымсыз өсүп жаткан жаңы абоненттерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет. Алдыда ЖЭБ-2нин жардамы менен калкты жана экономика тармактарын ишенимдүү электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу Токтогул ГЭСиндеги электр энергиясын өндүрүү жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу түзүмүн диверсификациялоого мүмкүндүк берет.

Жакын арада ЖЭБ-2ни реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалууда», - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин имараты менен жабдууларын көрүп чыгып, бул стратегиялык объектинин айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашты.

Мамлекет башчысы тургундарга ЖЭБ-2нин курулушун аяктоо ниети, таза парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча пландаштырылган чаралар жөнүндө айтып, жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Баарлашууда жергиликтүү тургундар ЖЭБ-2нин айланасындагы участокторду трансформациялоо, социалдык объектилерди куруу жана башка курч көйгөйлөр тууралуу суроолорун беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости