www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өнүккөн өлкөлөрдүн мисалын карасак экономика чакан жана орто ишкерчиликтин, мамлекеттин катышуусу өтө төмөн болгон либерралдуу экономика саясатынын аркасы менен өнүгөт", дейт "Тандем'' юристтер коомчулугунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева.

--"Демократиялык коомдо бир учурда бийликке күчтүү реформатор келсе, бир учурда диктатор келет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок укуктук талаа диктаторлук ниети бар адамга бийликти бир колго топтоп, өзүм билемдикке жол бербей тизгиндеп турат. Андыктан мызймадарды бул өңдүү бир адамдын каалоосу менен эле одоно бузуулар менен кабыл алуу мыйзамдык баш аламандыкка алып келет.

Биз мунун конституциялык реформа маалында эле эскерткенбиз. Азыр ошол эле аракеттер уланып жатат. Бул баш-аламандыкты токтотуу керек. Бүтүндөй экономиканынын нугун 15 мыйзам менен каалган жакка буруп коюу чоң жаңылыштык. Улуттук коопсуздуктун негизин экономикалык коопсуздук түзөт'', - дейт юрист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости