www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Нарын облусундагы жергиликтүү тургундардын социалдык абалы жана Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар тууралуу NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--22-мартта Нарындын элинин демилгеси менен Нарын облусунда тегерек стол өткөрдүк. Ага атайын тийиштүү Өкмөттүн мүчөлөрү барышты. Андан сырткары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен активисттер катышты. Негизги жергиликтүү калкты кызыктырган суроолор саламаттыкты сактоо, билим берүү жана энергетикадагы маселелер болду. Тегерек столдун алкагында энергетикадагы мамлекеттик тарифтик саясат боюнча нарындыктар өз талаптарын койду. Андан сырткары учурда Нарында жашап жаткан биздин памирлик бир туугандарыбыз менен жолугушуп, алардын азыркы абалы менен тааныштык. Алардын негизги талабы алардын эң негизги талабы өкмөттөн жана жергиликтүү бийликтен туруктуу турак жай менен камсыздануу боюнча жардам берүү сунушун айтты. Алар батирден-батирге көчүп тажашкан. Бир үйдө туруктуу жашашпайт. Эгерде туруктуу турак жайы болсо өздөрүнун оокатын жасап кете ала тургандыгын билдирди. Андан сырткары алар кесиптик билим алганы менен аларга эч кандай документ же сертификат берилбейт экен. Анткени аларга Кайрылмандарга документ алууга болбойт деген тыянак чыгарып коюшкандыгын айтышты. Учурда Кайрылман статусун алыш үчүн документ тапшыргандарына 3-4 ай болуп кетиптир, бирок азырынча эч кандай документ жок болуп жатат дешти. Биз учурда жогорку маселе боюнча иш жүргүзүп, маселени чечип берүүгө аракет жасайбыз”, - деди Жогорку Кеңештин эл өкүлү Аида Исмаилова.
Эске сала кетсек, 2017-жылдан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары 2018-жылы Ооганстанга тойдум байдын кызына деп кетип калышкан. Азырынча, шаан-шөкөт менен көчүрүп келген 11 памирлик кыргыздарга атайын жер же турак үй бериле элек. Айлана тыптынч, Өкмөт тарап мемирейт...
Булак: NazarNews.kg