www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда жеке адамдардын сууну керектөөсүнө чектөө киргизүү менен «кургак» кыштан кийин боло турган кургакчылыктын кесепеттерин минималдаштырууну каалашат.
Француз бийликтери тарыхтагы эң «кургак» кыштын шартында сууну пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Франциянын айлана-чөйрөнү өзгөртүү министри Кристоф Бэшу билдирди, деп маалымдайт Bloomberg.
Жаан-чачынсыз быйылкы кыш быйылкы жайда чоң кургакчылык болушу мүмкүн деген кооптонууну бир топ жогорулатканы белгиленген.
Аткаминердин айтымында, ал дүйшөмбү күнү аймактардагы бийлик өкүлдөрүн чогултуп, алардан “эми сууну үнөмдөй турган чараларды көрүүнү” суранууну пландап жатат.
Басылма мындай чараларга зарыл болгон учурда жеке адамдарга жана дыйкандарга чектөө киргизүү боюнча жергиликтүү бийликтин буйругун камтышы мүмкүн экенин тактаган.
Маалыматка ылайык, декабрь айында британиялык эксперттер 2023-жылы глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында Европа бороон-чапкын, ысык жана кургакчылык өңдүү жаратылыш кубулуштарын баштан өткөрөрүн болжолдогон.
Булак: NazarNews.kg