www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 250 миллион доллар турган Кыргызстандагы эң чоң эки долбоорду ишке ашырууга 90 миллион доллар  бөлүнөт. 

Бул тууралуу аталган фонддун директору Артём Новиков билдирди.

Биринчи ири долбоор бул Чүй облусуна курула турган Цемент заводуна 45 миллион доллар бөлүнөт. Заводдун кубаттуулугу 1 жарым миллион тонна цемент чыгарууга жөндөмдүү болот. Экспортко чыгарган продукциясынын көлөмү жылына 47 миллион долларды түзүп, 450дөн ашык киши иштээри болжолдонууда.

Ал эми экинчи долбоор катары Нарын облусуна 100 мегаватт кубаттуулуктагы "Куланак"  кичи ГЭСи курулат. Долбор президенттин жеке көзөмөлүндө болот.

Долбоорду ишке ашырууга багытталган бардык иш-аракеттер жүрөт. Фонд тарабынан 44 миллион доллар бөлүнөт. Курулуш ишине 700дөн ашык адам тартылат. ГЭС курулса Кыргызстандагы энергетикалык тартыштыкты 18%ге чейин кыскартат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости