www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын 15-декабрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен КР УКМКнын Штаб-квартирасында Күч түзүмдөрүнүн генералдары менен жолугушту.
Жолугушуу эркин форматта болуп, ага жалпы 60 генерал катышты.
Алгач, чакырылган конокторго КР УКМКнын Штаб-квартирасында чакан экскурсия уюштурулуп, алар жаңы имаратта коопсуздук кызматкерлерине түзүлгөн шарттар менен таанышты.Андан соң, генералдарды УКМК төрагасы чай үстүндө кабыл алып, пикир алышты. Өз сөзүндө К.Ташиев Күч түзүмдөрүнүн жогорку аскердик наамынын ээлерине кайрылып, алардын ар биринин эмгеги, басып өткөн жолу, ишмердиги мамлекет үчүн маанилүү жана унутулгус экенин баса белгиледи.
“Бүгүн, өлкө башчыбыз С.Жапаровдун тапшырмасы менен сиздерге жөн гана сый көрсөтүп коелу дегенбиз. Өлкө тарыхында мындай жолугушуу биринчи жолу болуп жатат. Бул жолугушуунун эч кандай саясий же, башка багытта байланыштыруунун кереги жок. Жөн гана сиздерге болгон сый-урмат катары кабыл алыңыздар. Бул жерде олтурган ар бир генерал убагында жетекчилик кызматтарды аркалап, өлкө тарыхында буга чейин болуп келген ар кандай жагдайларга күбө болгонсуздар жана кызматыңыздарды кылгансыздар. Андыктан сиздердин эмгек эч качан унутта калбайт!”- деп айтты К.Ташиев.
Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө генералдардын ар бирине КР Президентинин атынан акчалай сыйлык берилди. Мындай Күч түзүмдөрүнүн генералдарынын жолугушуусу өлкө тарыхында биринчи жолу болуп өттү.