www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генералдык штаб кайрадан Коргоо министрлигине айланабы?

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Генштабдын маалымат кызматы тастыктады.

Мекеменин Facebook баракчасында «Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?» деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда элдин көбү бул идеяны колдогон.

«Өлкөгө жаңы жетекчинин келиши менен эски системага кайтуу планы бар. Тагыраагы, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн», — деп белгилеген Генералдык штаб.

Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Коргоо министрлигине кайтуу менен өлкөнүн аскердик доктринасы өзгөрөт.

Белгилей кетсек, Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости