www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын "DW News" коомдук телеканалы Бишкек шаарынын үстүн каптаган кара түтүн тууралуу репортаж даярдап, коомго чыгарган. Анда абанын кескин булгануусу жана экологияга зыяндуулу чагылдырылган. Ошону менен катар адамдардын ден-соолугуна залал келтирүүсү жана ага карата кандай чаралар көрүлүп жатканы көрсөтүгөн.  

Анда "DW News" коомдук телеканалынын кабарчысы Бишкектин тургундарынан интервью алып, пикирин дагы эфирге берген. Ал эми экологдор жасалып жаткан иштер алгылыктуу натыйжа бербей, бул маселеге комплекстүү чаралар көрүлбөй жатканын айтышкан. Ошондой эле, кара түтүн ордо калааны каптаганы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкканы  берилген.  

Белгилей кетсе, Бишкек шаарынын Экологиялык-техникалык коопсуздук инспекциясы жыл сайын кара түтүндүн алдын алуу чараларын көрүп келет. Быйыл да зыяндуу газ бөлүп чыгарган унааларга рейд жүргүзүү, калктуу жаңы конуштарга газ киргизүү иштери аткарылды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости